KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Медербек Сатыев Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык сотунун Пленумуна катышууда

14 ноября 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 14-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык сотунун Пленумунун ишине катышты.


Пленумдун ишине Пленумдун төрагасы – КМШ мамлекеттеринин Экономикалык сотунун төрагасы Андрей Плотников, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев, Казакстан Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасы Асламбек Мергалиев,  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы, КМШ Экономикалык сотунун судьясы Айбек Давлетов, Тажикстан Республикасынын Жогорку Экономикалык сотунун төрагасынын орун басары, КМШ Экономикалык сотунун судьясы Зокирджон Аминзода, КМШ Экономикалык сотунун судьясы Эвелина Нагорная жана Алматы шаардык соту төрагасы, КМШ Экономикалык сотунун судьясы Аскар Смайлов кирет.


Ошондой эле онлайн режиминде өткөрүлгөн иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын  жарандык жана экономикалык иштер боюнча орун басары Шералы Камчыбеков жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы, Жогорку соттун Пленумунун катчысы Турсунгүл Чаргынова катышты.


Пленумдун жүрүшүндө КМШнын Экономикалык соту жөнүндөгү Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси каралды.


Белгилүү болгондой, Пленум Экономикалык соттун жогорку коллегиалдуу органы болуп саналат. Пленум Экономикалык соттун Төрагасы болуп саналган мамлекеттерди кошпогондо, ар бир мүчө мамлекеттен бирден Экономикалык соттун Төрагасынан жана судьяларынан, ошондой эле экономикалык маселелерди кароого ыйгарым укуктуу жогорку улуттук соттордун төрагаларынан турат.


 



Видео-блок

Ар бир жаран соттордун ишине баа бере алат!
Сот бийлиги мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуусу керек. Жогорку соттун Пленуму
"Калыс сот - элдин таянычы". Жогорку соттун төрагасы М. Сатыевдин Пленумдагы сөзү. (тол...
Карызы барлар өлкөдөн чыга албайт! Эмне кылуу керек?
Бишкек шаардык соту 2024-жылдын жыйынтыгын чыгарды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...