Урматтуу мекендештер!
Сиздерди Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
7-8-ноябрь — бул күндөр ар бир кыргыз жараны үчүн тарыхты эстеп, ата-бабалардын жаркын элесине таазим кылуучу улуу күндөр.
Бул күндөрдө биз элибиздин башынан өткөн сыноолорду, ар кандай оор мезгилдерде мекенине болгон берилгендигин жана каармандыгын эскеребиз.
Ата-бабаларыбыздын ар намыстуулугу, адилеттүүлүккө болгон умтулуусу жана эркиндикти көздөгөн мүдөөлөрү — бүгүнкү күндүн да маанилүү баалуулуктары болуп кала берет.
Элибиздин басып өткөн жолун сый-урмат менен эскерип, татаал тарыхтан таамай сабак алып, учурдагы абалыбызга баа берип, андан туура жыйынтык чыгарып, келечекке бийик максаттарды коюшубуз керек.
Кыргыз элинин каада-салтына жана улуттук баалуулуктарына таянып, биз сот тутумун өркүндөтүп, коомубузда адилеттикти бекемдөө жолундагы иштерди улантуудабыз. Биздин милдет — ата-бабаларыбыздын жолун улап, алардын идеалдарын сактоо менен ар бир кыргыз жаранынын укуктарын жана эркиндигин коргоо.
Ушул улуу күндөрдө ар бириңиздерге бекем ден соолук, тынчтык жана бакубат жашоо каалайм! Ата-бабаларыбыздын элеси ар дайым жүрөгүбүздө сакталып, алардын улуу эрдиктери бизди келечекке карай шыктандырып турсун!
Ал эми Кыргызстанда стабилдүүлүк, бакубатчылык жана ар бир үй-бүлөдө тынчтык, ынтымак болсун!