Урматтуу сот тутумунун кызматкерлери, кадырлуу кесиптештер!
Сиздерди жаратылыштын жаңылануусун, жакшылыктын жана биримдиктин жарчысы болгон Нооруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Нооруз – бул жаңы башаттын, жаңылануунун, тынчтыктын жана берекенин символу. Байыртадан ата-бабаларыбыз бул күндү эзелки каада-салттар менен тосуп, элдин биримдигин, ынтымагын жана боорукерлигин даңазалап келишкен. Нооруз – мээрим менен ырайымдуулуктун, достуктун жана ынтымактын белгиси, ар бирибизге жакшы үмүт, жарык келечек тартуулаган улуу майрам.
Күн менен түн теңелип, жаздын келишин жар салган улуу күн — Нооруз майрамыбыз быйыл касиеттүү Орозо айына туура келип отурат.
Орозо кармаган бардык мусулмандардын кармаган орозосу кабыл болуп, каалоо-тилектери орундалсын, ар бир үйдө тынчтык, токчулук, береке, ынтымак жана аманчылык болсун!
Нооруз – адамдардын жан дүйнөсүн тазартууга, жаман адаттан арылууга, бири-бирине кечиримдүү болууга үндөгөн майрам!
Бул асыл майрам ар бир үйгө кут, бакубатчылык жана ырыскы алып келсин! Жакшылык тилеген жүрөктөр тынчтыкта согуп, өлкөбүздө биримдик жана ынтымак орносун!
Ар бириңиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, ишиңиздерге ийгилик жана жаркын келечек каалайм.
Кыргызстаныбыз гүлдөп-өсүп, адилеттик менен мыйзамдуулук дайыма бийик болсун!
Нооруз майрамыңыздар куттуу болсун!