2025-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаардык сотунун төрагасы Талайбек Абыкеев кылмыш иштер боюнча төраганын орун басары Адис Момуналиев, жарандык жана экономикалык иштер боюнча орун басары Сатарбек уулу Мирбек, ошондой эле административдик иштер боюнча орун басары Болотбек Сатыбалдиев менен биргеликте Бишкек шаарынын райондук сотторунун жана Административдик соттун ишмердүүлүгүн жеринде текшерип чыкты.
Текшерүү учурунда шаардык соттун жетекчилиги соттордун учурдагы иш тартиби менен таанышып, жаңы келген судьялардын ишинин натыйжалуулугун, соттук жүктү, ошондой эле соңку алты айдагы иштердин сапатын жана мөөнөттөрүн терең талдады.
Айрыкча төмөнкү маселелерге өзгөчө көңүл бурулду:
-Ар бир судьянын соттук иштерди кароо сапаты;
-Токтотулган иштердин саны жана алардын токтотулуш себептери;
-Процессуалдык мөөнөттөрдөн ашык каралган иштердин саны;
-Сот жүргүзүү стандарттары, регламенттер жана кызматтык дисциплина нормаларын сактоо.
Текшерүүнүн жыйынтыгында соттордун ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана адилеттик сапатын жакшыртууга багытталган так сунуштар берилди.
«Адилеттикти камсыздоонун сапаты — ички дисциплина жана учурдагы практика анализинен башталат. Биз ар бир ишти мыйзам чегинде так жана өз убагында карап чыгууга умтулушубуз керек», — деп белгиледи Талайбек Абыкеев.
Бишкек шаардык соту сот адилеттүүлүгүн өркүндөтүүгө багытталган иштерди мындан ары да улантат.