KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Чүй облустук сотунун төрагасы  райондук сотторго иш сапар менен барып келди

13 августа 2025



Таалайбек Даркимбаев таанышып чыгуу максатында Чүй облусундагы баардык райондук жана шаардык сотторду кыдырды.







Судьялар менен болгон жолугушууларда төрага иштердин сапаты жана эмгек тартибин сактоо боюнча талкуу өткөрдү.


Чүй облустук сотунун төрагасы ар бир сот кызматкерин кызматтык милдеттерди аткарууга жоопкерчиликтүү мамиле кылууга жана этикалык нормаларды сактоого чакырды.


Ошондой эле Таалайбек Даркимбаев сот кызматкерлеринин иштөө шарттары менен таанышып, алардын иш бөлмөлөрүн жана жаңы курулуп жаткан имараттардын ордун карап чыкты, ошондой эле сот приставтары менен баарлашты.


Иш сапар таанышып чыгуу, жеринде соттордун ишин жакшыртуу жана жарандардын сот тутумуна болгон ишенимин жогорулатууга багытталды.


Чүй облустук сотунун басма сөз катчысы Тилек Оторов




Видео-блок

Сотко тараптарга билдирүүлөр эми электрондук форматта жүргүзүлөт
М. Сатыевдин катышуусунда, жергиликтүү сотторго биринчи жолу дайындалган судьялар ант б...
М. Сатыевдин тапшырмасы менен жергиликтүү соттордо жыйындар өтүп, катуу талаптар коюлду
Калыс сот – элдин тиреги
М.Сатыев: “Адилеттүүлүктү сатпагыла! Элге сылык мамиле жасагыла!” Соттордун жалпы жыйыны

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...