2025-жылдын 20-февралында Нарын облустук сотунда төрага Куралбек Абдыкадыров Юстиция министрлигинин мониторинг башкармалыгынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Облустук соттун төрагасы өз сөзүндө контролдоонун электрондук жана техникалык каражаттарын пайдалануу учур талабына ылайык келерин белгилеп өттү.
Юстиция министрлигинин мониторинг башкармалыгынын өкүлдөрү: мониторинг башкармалыгынын башчысы Данияр Калматов жана башкармалыктын бөлүм башчысы Тилек Тилекматов судьяларга жана алардын жардамчыларына Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан электрондук бөгөт коюу чаралары боюнча кеңири маалымат беришти.
Маалымдалгандай, электрондук билерик салынган адам белгиленген чектен чыкпоого тийиш. Ал адам белгилүү чек арадан өткөндө аппарат сигнал жөнөтөт, ал мониторинг борборунда чагылдырылат.
Ошондой эле, электрондук көзөмөлдүн компоненттеринин бири – мобилдик түзмөккө орнотулган мобилдик тиркеме болуп саналат. Ал айыпталуучунун телефонуна белгилүү бир убакыт аралыгында кыймылды көзөмөлдөө үчүн орнотулат.
Маалыматка караганда, мобилдик тиркемени колдонуу укук коргоо органдарына ресурстарды жана убакытты талап кылган физикалык текшерүүлөрдүн санын азайтууга мүмкүндүк берет.
Электрондук мониторинг пенитенциардык тутумдун жүгүн жана мамлекеттик чыгымдарды азайтат.
Өз кезегинде, жолугушуунун жүрүшүндө соттук отурумдарды онлайн тартипте жүргүзүү жөнүндө пикирлер айтылды.
Нарын облустук сотунун басма сөз катчысы Гулзада Турдалиева