Ош облустук сотунун төрагасы Эрлан Асанов Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгынын башчысы Акжол Нарбаев менен биргеликте Өзгөн жана Кара-Суу райондук соттору үчүн курулуп жаткан жаңы административдик имараттардагы курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты.
Иш сапардын жүрүшүндө курулуштун учурдагы абалы каралып, аткарылып жаткан иштерге баа берилди. Ошондой эле курулуштун сапаты, белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышы жана иштерди өз убагында бүтүрүү маселелери талкууланды.

