Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрайымы Аида Сейдакматова 2026-жылдын 22-майында Самарканд шаарында Өзбекстандын Жогорку соттук кеңешинин төрагасы Холмумин Ёдгоровдун төрагалыгы алдында өткөн Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн Судьялар кеңештеринин төрагаларынын төртүнчү жыйынына катышты.
Жыйынга Азербайжан, Казакстан жана Түркиянын Судьялар кеңештеринин төрагалары, ошондой эле ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев катышты.
Өзбекстандын Президентинин Администрациясынын жетекчисинин орун басары Нодира Хакимова Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдин куттуктоо кайрылуусун окуп берди.
Андан соң ТМУнун башкы катчысы уюмдун алкагындагы сот өндүрүшү жана укук коргоо ишмердүүлүгү боюнча кызматташтык тууралуу маалымат берди. Ал ТМУга мүчө мамлекеттердин Судьялар кеңештеринин өз ара аракеттенүүсү ыкчам, адилеттүү жана натыйжалуу сот тутумун калыптандырууда маанилүү роль ойной турганын белгиледи.
Судьялар кеңештеринин төрагалары өз өлкөлөрүндөгү сот тутумдары жана эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу да маалымат беришти.
Өз сөзүндө Аида Сейдакматова Кыргыз Республикасы ТМУнун алкагында көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө, анын ичинде сот адилеттиги жана судьялык этика жаатындагы кызматташтыкка өзгөчө маани берерин белгиледи.
«Сот бийлигинин негизги максаты калыс иш алып баруу, адилеттүүлүктүү камсыздоо. Бул жарандардын соттун бейтарап иш алып барарына, судья мыйзамды негизинде абийирдүү чечим кабыл алып, басым же жеке кызыкчылыктарга эмес акыйкатка таянарын айгинелеп, ишенимин жогорулатат. Судьялык этика менен коомчулуктун сот адилеттигине болгон ишениминин терең байланышы дал ушуга байланыштуу. Сот залында гана эмес, анын сыртында да үлгүлүү жүрүм-турум көрсөткөн судья мыйзам үстөмдүгүнүн символу болуп саналат», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрайымы Аида Сейдакматова.
Мындан тышкары, ал ТМУга мүчө мамлекеттердин Судьялар кеңештеринин ортосунда судьялык этика маселелери боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
«Кыргыз Республикасы бул документти мамлекеттерибиздин укуктук системаларындагы жалпы этикалык мейкиндикти калыптандыруудагы маанилүү кадам катары колдойт», — деп белгиледи Аида Сейдакматова.
Жолугушуунун жыйынтыгында ТМУга мүчө мамлекеттердин Судьялар кеңештеринин ортосунда судьялык этика маселелери боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Белгилей кетсек, ТМУга мүчө өлкөлөрдүн Судьялар кеңештеринин төрагаларынын бешинчи жыйыны 2027-жылы Казакстанда өтөт.
Видеого шилтеме: https://www.youtube.com/watch?v=_i4Niwf6zLY

