KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Медербек Сатыев Мыктыбек Абдылдаевди акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты

10 июня 2026

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Медербек Сатыев мамлекеттик жана саясий ишмер Мыктыбек Юсупович Абдылдаевди акыркы сапарга  узатуу зыйнатына катышты.


Аза күтүү иш-чарасына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси  Адылбек Касымалиев, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, маркумдун туугандары жана жакындары катышты.


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан Мыктыбек Абдылдаевдин жакындарына жана туугандарына көңүл айтуу сөзүн Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев окуду.


Мыктыбек Абдылдаев өмүрүнүн көп жылдарын мамлекеттик кызматка арнап, прокуратура органдарынын өнүгүшүнө, мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыңдоого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик институттарынын калыптанышына жана өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон.


Мыктыбек Юсупович Абдылдаевдин жаркын элеси анын кесиптештеринин, санаалаштарынын жана аны принципиалдуу, жоопкерчиликтүү, өз ишине берилген инсан катары тааныган адамдардын жүрөгүндө түбөлүк сакталат.


Видео-блок

Доклад Н.Бакировой на форуме «Административная юстиция и её роль в обеспечении верховен...
Евразийский конгресс по административному праву создали в Астане
Соттор электрондук билдирүү системасына өттү
Аида Сейдакматова приняла участие в четвертом заседании председателей судебных советов ОТГ
Как экономический суд СНГ помогает Кыргызстану и бизнесу?

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...