

-анан, эмнеге ыйлап атасыз, дедим.
-мындан бир жыл мурун Сокулуктун центриндеги Глобус деген ТЦдин жанында менин үйүмө конокко келген 45 жаштагы инимди эки жаш жигит өлтүрүп кеткен. Инимдин чөнтөгүнөн телефонун, акчасын, документтерин тоноп кетишкен. Сот бир жылга созулду. Жалгыз бой энемин. Ар жолу сот болгон сайын, кылмышкердин жактоочулары тарабынан мага кысым көрсөтүлүп турду. Бирок, бүгүнкү сот отурумунда Жогорку Соттун судьялары адилеттүү чечим чыгарып берди, деди эже.
— кылмышкерге канча жыл срок берди?, дедим.
-8 жылга эркинен ажыратты. Менин инимдин жаны-руху жай алсын, мен соттун чечимине ыраазымын, деди эже.
-эми, адам өлдү, анын жаны кайтып келбейт. Сизге кылмышкер компенсация төлөп бердиби? дедим.
-жок, жок, мага компенсациясынын кереги жок. Андан көрө өлтүргөнү үчүн жазасын алып отурсун, мен ошого ыраазы болом. Өлтүргөн тарап бир да жолу мага жылуу мамиле жасаган жок. Мен алардын жылуу мамилесине муктаж эмесмин. Киши өлтүргөн жазасын толук кандуу алышы керек, деди эже.
Мен эжени туура түшүнүп турдум. Эмнеси болсо да бир тууганы эмеспи. Инисинин эрте көз жумганына ичи ачышып атат да. Эже Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринде мугалим болуп иштейт экен.
____________________________________________



Бүгүнкү сот отурумунда Жогорку Соттун судьялары алдамчы кылмышкерге 8 жыл срок беришти. Жогорку соттун чечимине Р. аттуу жаран терең ыраазы болду.
PS: Мен дагы Жогорку Соттун судьяларына ыраазычылык билдирем, деп айткым келди. Беш кол тең эмес деп айтышат. Ошол сыңары, кээ бир соттор да бар, туура эмес чечим чыгарган. Көч барып-барып оңолот, дешет. Кудай буюрса, Садыр Жапаров Президент болуп турганда дагы далай алга карай жылуулар, өнүгүүлөр болот, деген ишеничтемин.
















