KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жогорку соттун Төрагасы Медербек Сатыев «Фемида» пансионатынын жайкы эс алуу сезонунун ачылышына катышты

12 июня 2026

2026-жылдын 12-июнунда Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында жайгашкан «Фемида» пансионатында 2026-жылдагы жайкы эс алуу сезонунун расмий ачылыш аземи болуп өттү.


Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Медербек Сатыев, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Эмиль Осконбаев, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрайымы Аида Сейдакматова, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынын кеңешчиси Руслан Мырзалимов, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Аппарат Жетекчиси Сулайман Мыкыев, Кыргыз Республикасынын Конституциялык  сотунун Аппарат жетекчиси Каныбек Масалбеков, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев жана жергиликтүү соттордун судьялары жана “Фемида” пансионатынын жалпы жамааты  катышышты.


Өз сөзүндө Жогорку соттун Төрагасы Медербек Сатыев сот адилеттигин ишке ашырууда адам фактору өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп, судьялардын жана сот тутумунун кызматкерлеринин ден соолугун чыңдоо, алардын социалдык шарттарын жакшыртуу жана сапаттуу эс алуусун камсыз кылуу сот системасынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин айтты.


Төрага өлкө жетекчилигинин чечими менен «Фемида» пансионаты сот тутумунун карамагына өткөрүлүп берилгенин белгилеп, учурда аны заманбап талаптарга жооп берген көп функционалдуу эс алуу жана өнүгүү борборуна айландыруу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын билдирди.


Белгиленгендей, пансионаттын инфраструктурасын жаңылоо жана өнүктүрүү максатында бир катар долбоорлор ишке ашырылууда. Учурда жаңы ашкананын курулушу соңуна чыгып калган. Ошондой эле пансионатты өнүктүрүүнүн башкы планынын алкагында жаңы үч кабаттуу имаратты жана заманбап беш жылдыздуу мейманкана комплексин куруу маселеси каралууда.


Медербек Сатыев пансионаттагы коопсуздук маселелерине дагы өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи. Анын тапшырмасынын негизинде пансионаттын аймагына жана негизги объектилерине 40ка жакын заманбап видео байкоо камералары орнотулган. Бул эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылууга, коомдук тартипти сактоого жана мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга өбөлгө түзөт.


Төрага ошондой эле «Фемида» пансионаты келечекте эс алуу жайы гана болбостон, судьялардын жана сот аппаратынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууга багытталган семинарларды, тренингдерди, тегерек столдорду өткөрүүгө ылайыкташкан көп функционалдуу борборго айланышы керектигин белгиледи.


Мындан тышкары, сот тутумунун кызматкерлеринин ынтымагын чыңдоо жана сергек жашоо образын жайылтуу максатында спорттук мелдештерди, спартакиадаларды, маданий жана улуттук оюндарды үзгүлтүксүз өткөрүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.


Иш-чаранын соңунда катышуучулар пансионаттын жамааты менен жолугушуп, 2026-жылдагы жайкы эс алуу сезону расмий түрдө ачылганын жарыялашты.


Иш-чаранын алкагында катышуучулар пансионаттын аймагын, жаңы ашкананын курулушун, эс алуу жайларын жана көрктөндүрүү иштеринин жыйынтыктарын көрүп чыгышты.


Белгилей кетсек, «Фемида» пансионаты сот тутумунун судьяларынын, кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугун чыңдоо, социалдык жактан колдоо жана сапаттуу эс алуусу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган маанилүү социалдык объект болуп саналат.


 


Видео-блок

УТРК Жалал-Абад: Элдик жолугушуу. Соттук иштер боюнча маселелер көтөрүлдү
Биринчи инстанциядагы соттор электрондук билдирүү жөнөтүү тутумуна өттү
Кабарда судьялар жаңы электрондук билдирүү системасы тууралуу маалымат беришти
Турсунгул Чаргынова дала интервью в прямом эфире Биринчи радио
Доклад Н.Бакировой на форуме «Административная юстиция и её роль в обеспечении верховен...

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...