Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Медербек Сатыев жергиликтүү соттордун төрагалары менен ушул жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарылган иштердин алдын ала жыйынтыктарын талкуулоо боюнча онлайн-кеңешме өткөрдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө сот тутумунун ишмердүүлүгүнө тиешелүү бир катар актуалдуу маселелер каралды. Алсак, сот адилеттигинин сапаты жана соттук практиканы жалпылоо маселелери боюнча 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүктүн алдын ала жыйынтыктары, жергиликтүү соттордун жарандар, мамлекеттик жана муниципалдык органдар менен өз ара аракеттенүүсү, ошондой эле соттордун карамагындагы жер тилкелери менен имараттардын абалы, оңдоо жана курулуш иштеринин жүрүшү талкууланды.
Үстүбүздөгү жылдын 11-майынан тартып өлкөнүн бардык аймактарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин калк менен ачык жолугушуулары өткөнү, ага облустук соттордун жана Бишкек шаардык сотунун төрагалары да жигердүү катышканы белгиленди.
Мындан тышкары, Төрага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош жана Нарын облустарында калк менен жолугушууларынын жүрүшүндө айтылган жарандардын бардык кайрылууларына талдоо жүргүзүүнү тапшырды. Жарандардын нааразычылыгын жараткан себептерди четтетүү максатында, талдоонун жыйынтыктары Жогорку соттун атайын жумушчу тобу тарабынан жалпыланышы тийиш.
Видеоконференция байланышынын жүрүшүндө Президент Садыр Жапаров тарабынан 2026-жылдын 30-июнунда Чолпон-Ата шаарында өткөн жалпы республикалык кеңешмеде жүктөлгөн тапшырмаларды аткаруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Тактап айтканда, мыйзам бузуулардын алдын алуу, укук колдонуу практикасын өркүндөтүү жана жарандар менен юридикалык жактардын укуктарын коргоонун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, соттук практиканы жалпылоо учурунда аныкталган маселелер боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, илимий чөйрөнүн жана башка кызыкдар уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда Жогорку соттун эксперттик аянтчаларынын, тегерек столдордун жана башка консультациялык иш-чаралардын ишин туруктуу негизде уюштуруу тапшырылды.
Медербек Сатыев судьяларды сотко келүүчүлөр үчүн түзүлгөн онлайн-сурамжылоо аркылуу келип түшкөн жарандардын пикирлерин жана сунуштарын дайыма талдап турууга чакырды. Эске сала кетсек, 2025-жылдын февраль айында өлкө боюнча соттордун 72 имаратында QR-коддору бар маалыматтык стенддер орнотулуп, бул соттордун ишмердүүлүгүн баалоо тутумун ишке киргизүүгө мүмкүндүк берген. Бул тутумдун жардамы менен жарандар санариптик форматта сот процесстерин уюштуруу, судьялардын ишмердүүлүгү, сот аппаратынын ишинин сапаты жана сот имараттарындагы шарттар сыяктуу багыттар боюнча өздөрүнүн пикирлерин жана сунуштарын калтырып келишет.
Бул демилгенин алкагында 2025-жылы 783 жарандан 2 748 сунуш жана пикир катталган. Ал эми 2026-жылдын июнь айындагы абалга ылайык, 734 жарандан 2 882 сунуш жана пикир келип түшкөн.
«Бул механизм жарандардын кайрылууларын чогултуучу курал гана эмес, сот тутумунун ишмердүүлүгүн башкаруу үчүн маанилүү ресурс болуп калууда. Бул көрсөткүчтөр жарандык активдүүлүктүн өсүп жаткандыгын айкын далилдейт», — деп белгиледи Медербек Сатыев. Ошондой эле жергиликтүү соттордун жетекчилерине жарандардын кайрылууларында жана сын-пикирлеринде көрсөтүлгөн кемчиликтерди өз убагында жоюу боюнча чараларды көрүү тапшырылды.
Сот адилеттигинин ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу сот тутумун өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын бири бойдон калууда, анын алкагында сот отурумдарын онлайн-трансляциялоо тутуму этап-этабы менен киргизилүүдө. Алсак, 2026-жылдын мартынан июнь айына чейин онлайн-уктуруу менен 412 процесс пландаштырылып, бирок тараптардын макулдугу менен иш жүзүндө 142 гана трансляция өткөрүлгөн; муну менен бирге бүгүнкү күндө өлкөдөгү 72 соттун ичинен 25 сот гана бул технологияны колдонууда. Ушуга байланыштуу, Медербек Сатыев облустук соттордун төрагаларына жана Сот департаментине онлайн-трансляцияларды өткөрүү тажрыйбасын мүмкүн болушунча кеңейтүүнү жана бул үчүн бардык зарыл болгон техникалык шарттарды камсыз кылууну тапшырды.
Кеңешменин катышуучулары Жогорку соттун Төрагасынын 2026-жылдын февраль айындагы жумушчу сапарларынын жыйынтыгы боюнча сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун сапаты жана соттук практиканы жалпылоо тууралуу облустук соттордун төрагаларынын баяндамаларын угушту.
Медербек Сатыев соттук практиканы өркүндөтүү жана мыйзамдардын бирдей колдонулушун камсыз кылуу максатында атайын жумушчу топ түзүү тууралуу буйрукка кол койгонун маалымдап, бул багыттагы иштердин сапатын жогорулатууну тапшырды.
«Жалпылоо — бул жөн гана иштердин белгилүү бир категориясын чогултуу жана маалымкат же талдоо даярдоо эмес. Жалпылоонун негизги максаты — мыйзамдарды колдонууда келип чыккан көйгөйлөрдү аныктоо, соттук практиканын бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу, биринчи инстанциядагы соттор тарабынан кетирилген каталарды талдоо жана аларды четтетүү боюнча конкреттүү чараларды көрүү болуп саналат. Бул акыр аягында жарандардын сот адилеттигине жеткиликтүүлүгүн жакшыртат жана калктын сот бийлигине болгон ишенимин жогорулатат», — деп баса белгиледи Медербек Сатыев.
Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев республика боюнча соттордун жаңы имараттарынын курулушу, бөлүнүп жаткан жер тилкелери жана капиталдык оңдоодон өткөрүлүп жаткан объекттер тууралуу маалымат берди. Ошондой эле Сот департаментине караштуу «Фемида» пансионатынын директору Канат Абдыжапаров жайкы сезондун жүрүшү тууралуу отчет берди.
Көтөрүлгөн ар бир маселе боюнча Медербек Сатыев тиешелүү тапшырмаларды берип, айрым жетекчилердин ишин сынга алды. Сот департаментинин директоруна соттордун жаңы имараттарын куруунун жана курулуш-оңдоо иштери аяктагандан кийин объекттерди пайдаланууга берүүнүн так графигин иштеп чыгуу тапшырылды.
«Соттун жаңы имараты — бул жөн гана административдик курулуш эмес. Ал сот адилеттигинин, мыйзамдуулуктун жана мамлекеттүүлүктүн символу болушу керек», — деп билдирди Төрага.
Жыйынтыктоочу бөлүгүндө соттордун кызматтык имараттарын долбоорлоо боюнча жаңы курулуш нормаларынын күчүнө киргизилгендиги тууралуу айтылды. Соттордун бардык имараттары жаңы бекитилген стандарттарга так шайкеш келиши керектиги баса белгиленди.
Иш-чарага Жогорку соттун Төрагасынын орун басарлары Нурлан Мусаев, Нургүл Бакирова жана Шералы Камчыбеков, Жогорку соттун судьясы, Соттор кеңешинин төрайымы Аида Сейдакматова, Жогорку соттун судьясы, Тартип комиссиясынын төрайымы Турсунгүл Чаргынова, ошондой эле Жогорку соттун судьялары, Профсоюз комитетинин мүчөлөрү Бакыт Усубалиев жана Элмира Барыктабасова катышты. Мындан тышкары кеңешмеге Жогорку соттун Төрагасынын кеңешчиси Руслан Мырзалимов, Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев жана Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору Эркинбек Токтомамбетов катышышты.

