Бүгүн, 2024-жылдын 20-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Эмиль Өскөнбаев менен жолугушуу өткөрдү.
Иш-чарага Жогорку тоттун төрагасынын орун басарлары Нурлан Мусаев жана Нургуль Бакирова, Жогорку соттун судьясы Айбек Давлетов, Жогорку соттун төрагасынын кеңешчиси Руслан Мырзалимов, ошондой эле Конституциялык соттун судьялары жана Аппарат жетекчиси катышты.
Тараптар өз ара натыйжалуу кызматташууну жакшыртуу багытындагы бир катар маселелерди талкуулашты. Алардын катарында, «2023-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги системасын өнүктүрүү» Мамлекеттик максаттуу программасын» ишке ашыруу аркылуу сот тутумун жакшыртуу, санариптештирүү, сот тутумунун каржылык көз карандысыздыгын камсыздоо жана бирдиктүү сот практикасын иштеп чыгуу маселелери камтылды.
Ошондой эле Жогорку соттун өкүлчүлүк институтун Конституциялык сотто киргизүү жана жарандардын укуктук маданиятын жогорулатууга багытталган биргелешкен чаралар боюнча маселелер каралды.