KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын сот тутумунун өкүлү VI Санкт-Петербург эл аралык антикризистик «Параддык Ассамблея» конгрессине катышты

28 июля 2026

2026-жылдын 21–22-июлунда Санкт-Петербург шаарындагы Таврия сарайында (Россия Федерациясы) эл аралык кызматташтык, кризиске каршы башкаруу, финансылык калыбына келтирүү жана трансчек аралык төлөөгө жөндөмсүздүк маселелерине арналган VI Санкт-Петербург эл аралык антикризистик «Параддык Ассамблея» конгресси болуп өттү.


Конгресстин ишине Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун сотунун төрагасынын орун басары, жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиянын төрайымы Ирина Горшковская катышты. Кыргыз Республикасынын сот тутумунун өкүлүнүн катышуусу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана «Кыргыз Республикасынын Судьялар ассоциациясы» коомдук бирикмесинин колдоосу менен ишке ашырылды.


Эл аралык форумга КМШ өлкөлөрүнүн, БРИКС мамлекеттеринин жана башка чет өлкөлөрдүн сот коомчулугунун өкүлдөрү, мамлекеттик бийлик органдарынын кызматкерлери, арбитраждык башкаруучулар, банкроттук, финансылык калыбына келтирүү, медиация, салык салуу жана экономикалык коопсуздук чөйрөсүндөгү адистер катышты.


Пленардык жыйында сөз сүйлөгөн Ирина Горшковская бүгүнкү шарттарда сот тутуму экономикалык туруктуулукту камсыз кылуунун, жарандардын, ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоонун негизги факторлорунун бири болуп саналарын белгиледи. Анын айтымында, көз карандысыз сот, ачык-айкын укуктук механизмдер жана укукту колдонуунун алдын ала болжолдонгондугу болмоюнча натыйжалуу антикризистик башкарууну камсыз кылуу мүмкүн эмес.


Кыргыз Республикасынын тажрыйбасын тааныштыруу менен судья финансылык калыбына келтирүү жана банкроттук чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү, реабилитациялык жол-жоболорду өнүктүрүү жана эл аралык укуктук тажрыйбаларды киргизүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди. Өзгөчө көңүл трансчек аралык төлөөгө жөндөмсүздүк маселелерине жана КМШга мүчө мамлекеттердин улуттук мыйзамдарын шайкеш келтирүүгө багытталган КМШнын моделдик мыйзам долбоорун иштеп чыгуунун маанисине бурулду.


Конгресстин негизги темасы «Антикризистик башкаруу — чек арасыз» болду. Пленардык жыйындардын жүрүшүндө катышуучулар улуттук жана трансчек аралык төлөөгө жөндөмсүздүк жол-жоболорун өнүктүрүү, банкроттук жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү, реабилитациялык механизмдердин натыйжалуулугун жогорулатуу, мыйзамсыз чыгарылып кеткен активдерди издөө жана кайтаруу, медиация институтун өнүктүрүү, ошондой эле экономикалык коопсуздук жана эл аралык кызматташтык маселелерин талкуулашты.


Кыргыз Республикасынын сот тутумунун өкүлдөрүнүн мындай эл аралык иш-чараларга катышуусу эл аралык кызматташтыкты чыңдоого, алдыңкы тажрыйбаларды алмашууга, соттук практиканы өркүндөтүүгө жана заманбап укуктук институттарды өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.


 


Видео-блок

"Судья үчүн эң чоң ката — билип туруп акыйкатсыз чечим чыгаруу." - Мирлан Боромбаев
АИС Электронный отбор кандидатов на должность судьи Кыргызской Республики I Инструкци...
Жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти
Жогорку соттун төрагасы М. Сатыевдин жеке кабыл алуусуна кантип кирсе болот?
Номад ТВ: Что изменится в судебной системе Кыргызстана

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...