Бүгүн, 2025-жылдын 16-сентябрында, Улуттук маалымат агенттиги «Кабарда» «Санариптик адилеттүүлүк: Кыргыз Республикасынын сот тутумунун жаңы кадамдары» аттуу пресс-конференция болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө сотторду санариптештирүүнүн негизги багыттары сунушталды:
Жаранга жакын сот: СМС-кабарламаларды ишке киргизүү.
Сот процессине катышуучуларды мобилдик технологиялар аркылуу маалымдоо.Мамлекеттик алым онлайн: ыкчам, ыңгайлуу, ачык-айкын.
Жарандар жана уюмдар үчүн мамлекеттик алымды электрондук төлөө мүмкүнчүлүктөрү.Ачыктуулук жана ишеним: соттордун ишин тышкы баалоо.
Кыргыз Республикасынын сотторунун ишинин сапатын көзкарандысыз баалоо системасынын презентациясы.
Пресс-конференцияга сот тутумун санариптештирүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү катышты:
Азамат Узакбаев, Жалал-Абад облустук сотунун судьясы;
Бекмухаммет Мусурманкулов, Нарын облустук сотунун төрагасынын орун басары;
Бакытбек Садыгалиев, Ош шаардык сотунун судьясы;
Нурайым Кенжетаева, Сокулук райондук сотунун судьясы.