KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жергиликтүү сотторго биринчи жолу дайындалган судьялар ант беришти

12 августа 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 12-августунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбековдун, ошондой эле Жогорку соттун судьяларынын катышуусунда жергиликтүү сотторго биринчи жолу дайындалган судьялар ант беришти.


Президенттин биринчи жолу беш жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо тууралуу жарлыктары чыкты жана судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн төмөнкү жергиликтүү сотторго дайындалышты:


— Ош облусу:

Ноокат райондук соту


Исмаилова Айдана Эмилбековна;


Чоң-Алай райондук соту


Азизова Кымбат Руслановна;


Ош шаардык соту:

Сейтказиев Данияр Анашович;

Тойчиев Азамат Батырбекович;


 


— Жалал-Абад облусу:

Жалал-Абад шаардык соту

Абдылдаева Айдана Узакбаевна;


 


— Ысык-Көл облусу:

Ак-Суу райондук соту

Аскарбеков Дүр Эркинбекович;


Балыкчы шаардык соту

Мамаев Жыргалбек Аскерович;


— Чүй облусу:


Аламүдүн райондук соту


Болотбекова Ширин Болотбековна;

Сокулук райондук соту:


Кенжетаева Нурайым Анарбековна;

Эркинбаева Саара Дарманбековна;


Токмок шаардык соту


Рысалиев Эдилбек Абдылдаевич;


 


— Талас облусу

Талас шаардык соту

Джанболотов Алмаз Арыстанбекович;


 


— Бишкек шаары:

Бишкек шаарынын административдик соту


Иманалиев Эрмек Калмурзаевич;


Октябрь райондук соту

Самаков Төлөндү Калыгулович;


Биринчи май райондук соту:

Жакшылыков Чынгыз Кайратович;

Сейдинова Самара Карагуловна.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков дайындалган судьяларды куттуктап, берген антка бек турууга чакырды.

Ошондой эле мамлекет башчысынын курагынын чегине жеткенге чейин дайындоо жана судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн төмөнкү жергиликтүү сотко жиберүү жөнүндө Жарлыктары чыгарылган:


Баткен облусу:

Батырбеков Жаналы Мамытович;

Дюшембиева Майрам Мукашовна.


«Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын шайланган же дайындалган судьялары ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырышы ант берген күндөн тартып башталат.


Видео-блок

М.Сатыев:"Жогорку айлык да, пара да алам десеңер терең жаңылышасыңар!"Нарын шаарындагы ...
М.Сатыев: "Бардык шартыңар түзүлүп жатат. Эми талап да болот!." Жумгал райондук соту
М.Сатыев: "Кол ийрисине тартат дегенди токтоткула! Мыйзам менен иштегиле! ". Ак-Талаа р...
М.Сатыев:"Сотко акыйкаттуулукту издеп келишет... ". Кочкор райондук соту
М.Сатыев:"Мамлекеттин мүлкүн талкалаганды токтоткула!". Ат-Башы райондук соту

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...