Бүгүн 2025-жылдын 26-мартында Ош облустук сотуна Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Ж.Ш.Шабиров атындагы Республикалык окуу борборунун курсанттары келишти.
Алгач аталган окуу борбордун курсанттарына соттун жардамчысы Дастанбек Алинбек уулу сот имаратында жайгашкан сот залдары, кызматкерлердин иш алып баруусу менен тааныштырып чыгып, сот процессин уюштуруу тартиби, тараптардын катышуусу андагы аппарат кызматкерлеринин орду тууралуу айты берди.
Андан соң кылмыш-жаза иштери, жарандык жана экономикалык иштер боюнча өткөрүлгөн ачык соттук процесстерге катышышты.
Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Айпери Туратбек кызы