KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Судьянын элесине арналган спорттук турнир өткөрүлдү

26 апреля 2025

2025-жылдын 26-апрелинде Бишкек шаарында таяк-тартыш (Mas-wrestling) боюнча Кыргыз Республикасынын ачык турнири өткөрүлдү. Иш-чара Свердлов райондук сотунун мурдагы судьясы Айдарбек Бекишович Алымкуловдун жаркын элесине арналды.


Турнирдин ачылыш аземине сот тутумунун, Жогорку Кеңештин, Коопсуздук кеңешинин, Ички иштер министирлигинин өкүлдөрү жана коомчулук катышты.


Мелдешке республиканын бардык облустарынан келген спортчулар чогулушту. Жигиттер да, кыздар да мыкты даярдыктарын жана таасирдүү оюн көрсөтө алышты.


Айдарбек Бекишович Алымкуловдун жакындары иш-чаранын уюштуруучулары болду.


Белгилей кетсек, Айдарбек Бекишович Алымкулов 1995-жылдан 2010-жылга чейин Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарында ар кандай кызматтарда эмгектенген.

2010-жылы Ысык-Көл облусунун Түп райондук сотуна судья болуп дайындалган.

2013–2015-жылдары Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин Катчылыгында инспектор болуп иштеген.

2015–2020-жылдары Бишкек шаарынын Межрайондук сотунун судьясы болуп эмгектенген.

2020–2022-жылдары Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы болуп иштеген.


Видео-блок

Бишкек шаардык сотунда Абдыкасым Супатаевдин мемориалдык бюсту ачылды
Почему имя Супатаева стало символом изменений в судебной системе Кыргызстана?
М. Сатыев Бишкектин соттору менен жолугушту
М. Сатыев Чүй облусунун соттору менен жолугушту
Жогорку сот 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...