KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жалал-Абад облусунун жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн семинар өткөрүлдү

23 июля 2025

Жалал-Абад шаарынын Сот адилеттик үйүнүн имаратында Жалал-Абад облустук сотунун судьялары тарабынан райондук жана шаардык судьяларына семинар өткөрүлдү.


Семинардын жүрүшүндө,  облустук соттун судьялары тарабынан  биринчи инстанциядагы сотто сот өндүрүшүнүн көйгөйлөрү, мурас талаштар, алименттин өлчөмүн азайтуу, мурасты кабыл алуу жөнүндө арыз берүү үчүн кошумча мөөнөт берүү, салык карыздарын өндүрүү, мамлекеттик алым, бүтүмдөрдүн жараксыздыгы туурасында талкуу болду.


Аталган категориядагы иштер боюнча бирдиктүү  соттук тажрыйбаны талкуулоо жана иштеп чыгуу максатында райондук жана шаардык соттордун судьяларынын айрым каталарын көрсөтүү менен, жалпылоо жүргүзүлдү.


Семинардын жыйынтыгында судьялардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен иштерди кароодо жетекчилик кылуу үчүн бирдиктүү практика иштелип чыкты.


Видео-блок

Жаңы электрондук система судьяларды кантип тандайт? Жаңы платформасы тесттен өтүүдө
М. Сатыевдин тапшырмасынын изи менен | Кара-Кулжа, Өзгөн, Кара-Суу сот имараттарынын у...
"Сот системасы бүгүн...". Жалал-Абад облустук сотунун төрайымы | Жыпар Сабырова менен ...
Жалобы на действия судей: как работает механизм? | Ала-Тоо 24
Баткен облусундагы эл менен жолугушууларда сотторго жарандык, жер маселелер боюнча кай...

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...