KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Сот системасын санариптик өнүктүрүү боюнча жумушчу топ «Түндүк» мекемесинин жетекчилиги менен жолугушту

05 сентября 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 5-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы жана сот системасын санариптик өнүктүрүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Инара Гилязетдинованын төрагалыгы алдында ААК «Түндүк» директору Адилет Жумаева менен жолугушуу болуп өттү.


Жолугушууга сот системасын санариптик өнүктүрүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү жана Жогорку соттун төрагасынын кеңешчиси Руслан Мырзалимов катышты.


Жолугушуунун максаты — Жогорку сот органы менен ААК «Түндүк» мекемесинин кызматташтыгын талкуулоо жана «Адилет сот» УИТтин ААК «Түндүк» карамагына өткөрүлүшүнө байланыштуу маселелерди кароо болду.


Иш-чаранын жүрүшүндө Жалал-Абад облустук сотунун судьясы Азамат Узакбаев, Бишкек шаарындагы Ленин райондук сотунун судьясы Нурлан Кожомбердиев жана Сокулук райондук сотунун судьясы Нурайым Кенжетаева өз баяндамаларында санариптештирүүнүн учурдагы абалына, атап айтканда, «Сот 3.0» автоматташтырылган маалыматтык системасына кеңири токтолушту.


Тараптар жолугушууда көтөрүлгөн маселелерди ыкчам чечүү жана мындан ары тыгыз кызматташууну улантуу зарылдыгын белгилешти.


Белгилей кетсек, бул жолугушуу 2025-жылдын 21-августунда Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев менен Санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангуловдун ортосунда өткөн жолугушуунун уландысы болуп саналат.


 



Видео-блок

Калыс сот – элдин тиреги | Ысык-Көл облусу
Жогорку сот менен «Түндүк» санариптик өнүгүү маселесин карашты
Медербек Сатыев Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
Автоматизированная информационная система "Суд 3.0": цифровое будущее правосудия
Автоматташтырылган маалыматтык система «Сот 3.0»: сот адилеттигинин санариптик келечеги

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...