KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыевдин иш сапары Өзгөн райондук сотунда улантылды

18 декабря 2024

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыевдин иш сапары Ош облусунун Өзгөн райондук сотуна баруу менен уланды. Иш сапарында төраганы Жогорку соттун судьясы Маргарита Мельникова жана төраганын кеңешчиси Руслан Мырзалимов коштоп жүрүштү.


Жогорку сот органынын башчысын Ош облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев, Өзгөн райондук сотунун төрагасы Аман Бокомбаев жана Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгынын башчысы Динислам Кожоакматов тосуп алышты.


Иш сапардын алкагында биринчи инстанциядагы соттун жамааты менен жыйын өткөрүлүп, анда сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатына жана административдик имараттын абалына  байланышкан көйгөйлүү маселелер козголду. Сот департаментинин облустук башкармалыгынын башчысы аткарылган иштер жөнүндө отчет берди.


Медербек Сатыевге сот аткаруучулардын жана сот приставдарынын  иши тууралуу маалымат берилди. Талкуунун жыйынтыгы боюнча төрага соттук чечимдердин аткарылышынын деңгээлин 60% дан 100% га чейин жогорулатууну жана сот аткаруучулар менен приставдарды төрт мезгилге тең бирдиктүү форма менен камсыз кылууну тапшырды.


Турак-жай маселеси боюнча Өзгөн райондук сотунун төрагасы Аман Бокомбаев судьялар үчүн курулган кызматтык үйлөр  азырынча жер гиликтүү бийлик тарабынан пайдаланууга бериле электигин билдирди.


Сот кызматкерлеринин көйгөйлүү маселелерин угуп, Медербек Сатыев жакын арада сот имаратында сотко келгендер жана сот процессинин катышуучулары  арасында онлайн сурамжылоо жүргүзүү үчүн маалыматтык стенд орнотуларын билдирди.


Өзгөн райондук сотунун имаратын кыдырып карап чыккан соң, соттун  жанына  судьялардын дарегине нааразычылыгын билдирип келген эл менен жолугушту.


 


Видео-блок

М.Сатыев:"Сотко акыйкаттуулукту издеп келишет... ". Кочкор райондук соту
М.Сатыев:"Мамлекеттин мүлкүн талкалаганды токтоткула!". Ат-Башы райондук соту
"Эшиктин тешигинен акча ыргытат деп коркобуз!". Элден сурамжылоо жүрөт". Кара-Колдогу А...
М.Сатыев: "Элди нааразы кылбай, иш сапатыңарды жакшырткыла!". Жети Өгүз райондук соту
М.Сатыев: "Эл сотко жыргаганынан келбейт! Жакшы мамиле кылгыла!" Тоң райондук соту

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...