KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

IT адистери үчүн «Аудио-видео фиксация (АВФ)» темада семинар

08 июня 2026


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде жергиликтүү соттордун IT адистери үчүн «Аудио-видео фиксация (АВФ)» темада эки күндүк семинар болду.





Саламдашуу сөзү менен Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору Эркинбек Токтомамбетов сүйлөп, катышуучуларга ийгилик калаап, алган билимдери практикалык ишинде пайдалуу болооруна ишеним билдирди.


Лектор катары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Аппаратынын маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн башчысы Адилет Мамырбаев жана улук референт Руслан Белгибаев болушту.


Эки күн аралыгында, катышуучулар мекемеде компьютерлерди башкаруунун негиздери, операциялык системалар, колдонуучулар жана домен чөйрөсү ошондой эле, сот отурумдарын аудио-видео жаздыруу жана онлайн трансляциялоону уюштуруу, техникалык жактан ишке ашыруу жана башкаруу темаларын талкуулашты.


Семинар ачык диалог жана активдүү талкуу форматында өтүп, катышуучуларга алардын кесиптик ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө келип чыккан актуалдуу суроолорго жооп алууга мүмкүндүк берди. Мындай иш-чараларды өткөрүү сот тутумунун кызматкерлеринин санариптик компетенцияларынын деңгээлин жогорулатууга, заманбап маалыматтык технологияларды киргизүүгө жана сот адилеттигин жүргүзүү процесстерин өркүндөтүүгө өбөлгө түзөт.




Видео-блок

Доклад Н.Бакировой на форуме «Административная юстиция и её роль в обеспечении верховен...
Евразийский конгресс по административному праву создали в Астане
Соттор электрондук билдирүү системасына өттү
Аида Сейдакматова приняла участие в четвертом заседании председателей судебных советов ОТГ
Как экономический суд СНГ помогает Кыргызстану и бизнесу?

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...