Баткен облустук соту Баткен областтык жатак мектебинин окуучуларына «Ачык эшиктер күнүн» уюштурду. Бул иш чара жаш муундардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуунун алкагында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын урматтоого үйрөтүү, сот тутумуна ишенимди жана сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында өткөрүлдү.
Жолугушууда облустук соттун төрагасы Алмазбек Апышев мектеп окуучуларына Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүнүн негиздери жана сот тутуму тууралуу кеңири маалымат берди.
Ошондой эле кесип тандоодо кылдаттык талап кылынаарын айтып, юридикалык билимге ээ болуш үчүн оболу мектепте мыкты билим алуу зарылдыгын белгилеп өттү.
Андан сырткары, балдардын жана ата-энелердин укуктары жана милдеттери тууралуу, 18 жашка чыга элек өспүрүмдөрдүн укук бузуулар жана кылмыш жоопкерчилигинин түрлөрү жөнүндө маалымдап, кылмыштуулукту болтурбоо, зордук-зомбулукка бөгөт коюу жана жаштар арасында мектеп рэкетчилигине жол бербөөнү эскертти.
Ал эми төраганын орун басарлары Наргиза Кувандыкова жана Кундуз Абышова окуучуларга судьялардын ыйгарым укуктары, статусу жана аппарат кызматкерлеринин функционалдык милдеттерин түшүндүрүп, сот отурумдары жайгаштырылган тизме жана соттордун ишин баалоо QR код стенд боюнча маалымат беришти.
Ачык эшик күндөрүнүн жүрүшүндө окуучулар сот залдарын кыдырып, имараттын техникалык жана электрондук жабдуулары менен таанышып, облустук соттун судьяларына суроолорду берүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
Жолугушуу кызыктуу жана натыйжалуу болуп, окуучулар бул иш-чара үчүн ыраазычылык билдиришсе, төрага өз кезегинде балдардын окууларына ийгиликтерди каалады.
Баткен облустук сотунун басма сөз катчысы
Замирбек Ормонов