KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынынын Адвокатурасынын жетекчилиги менен жолугушуу өттү

24 января 2018

2018-жылдын 23-январында  Ысык-Көл областтык сотунун төрагасы Айбек Молдакунов  Адвокаттар Кеңешинин төрагасы Билим Райымкулов жана кеңештин мүчөлөрүнөн турган Кыргыз Республикасынынын Адвокатурасынын жетекчилигинин расмий делегациясы менен жолугушту.


Соттун төрагасы Айбек Молдакунов меймандарды жылуу кабыл алып, кеңештин мүчөлөрү менен пикир алышып, жарандарга сапаттуу жана квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү үчүн жактоочулардын билимин өркүндөтүү керек экенин белгиледи.


Адвокаттар Кеңешинин төрагасы Билим Райымкулов жолугушуунун максаты мамлекеттик бийлик органдары менен Кыргыз Республикасынын соттору жана прокуратурасы менен тыгыз байланышта болуп, өз ара кызматташтыкты чыңдоо саналарын айтты. Ошондой эле бүгүнкү күндө жарандарыбызга Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилденген квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүдө жактоочулардын ролу өтө маанилүү экенин белгиледи.


Негизинен жолугушууда аймактык адвокатура жана адвокаттык ишмердүүлүк боюнча суроолор талкууланып, жемиштүү пикир алмашуу болуп, мындан ары дагы келечекте кызматташуу боюнча макулдашуулар болуп өттү.



Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы


Г. Аширбаева


Видео-блок

Судья кантип жоопко тартылат? Тартип комиссиясы кандай иштейт?
"Судья үчүн эң чоң ката — билип туруп акыйкатсыз чечим чыгаруу." - Мирлан Боромбаев
АИС Электронный отбор кандидатов на должность судьи Кыргызской Республики I Инструкци...
Жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти
Жогорку соттун төрагасы М. Сатыевдин жеке кабыл алуусуна кантип кирсе болот?

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...