Кечээ, 2025-жылдын 12-сентябрында Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айылында XIX кылымдагы көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Алымбек Датканын туулгандыгынын 225 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Мааракенин башкы коногу Кыргыз Республикасынын Президенти болду. Иш-чарага ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев да катышты.
Юбилейлик иш-чарага мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү, коомдук уюмдардын мүчөлөрү, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар чогулушту. Катышуучулар Алымбек Датканын мурасы Кыргызстан тарыхы жана мамлекеттүүлүгү үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин баса белгилешти.