KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Мамлекеттик алымдарды өндүрүү боюнча соттук актылардын аткарылышы жөнүндө маселелер талкууланды

05 февраля 2018

Каракол шаардык сотунда Каракол шаарынын мамлекеттик салык кызматы башкармалыгынын жана Каракол шаарынын сот аткаруучулар кызматтык бөлүмүнүн жооптуу өкүлдөрүнүн катышуусунда мамлекеттик алымдарды өндүрүү боюнча соттук актылардын аткарылышы жөнүндө маселелер талкууланды.


Жолугушуунун негизги максаты болуп мамлекеттин пайдасына акча каражаттарын өндүрүү боюнча аткаруу документтеринин узак убакыттар бою аткарылбай келишинин себептерин аныктоо жана ошондой эле  мамлекеттик алымдарды өндүрүү боюнча соттук актылардын аткарылышынын эффективдүүлүгүн жогорулатуу, бул боюнча маселерди жана көйгөлөрдү чечүү жолдорун талкуулоо саналат.


Каракол шаардык сотунун төрагасы Самар Ниязалиев өз сөзүндө учурда мамлекеттик алымдарды аткаруу маселеси курч турарын, дээрлик сот өндүргөн мамлекеттик алымдардын суммасынын негизги бөлүгү төлөнбөй жатканын белгиледи.  «Мамлекеттик алымдарды өндүрүү боюнча соттук актылардын аткарылышында кээ бир кыйынчылыктар жаралып жатат. Бул  соттук актылардын аткарылышынын деңгээли төмөн экендигин жана узак убакыт бою мамлекеттин казынасына ири өлчөмдөгү акча каражаттары  төлөнбөй жатканын көрсөтүп турат. Коомчулук алдында бул сот тутумунун аброюна шек келтирип, терс таасирин тийгизет.» — деди ал.


Жолугушуунун жыйынтыгында, соттук актылардын өз убагында аткарылышы үчүн катышуучулар тыгыз байланышта болуу керек экенин белгилеп, ар тараптуу кызматташып турууну чечишти.


 


 


 


                                                                     Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы


Гульзада Аширбаева


Видео-блок

УТРК Талас: Элдик жыйындарда 61 жаран сотко кайрылган
Сот тутумуна караштуу "Фемида" пансионатында жаңы инфраструктуралык долбоорлор ишке ашы...
УТРК Жалал-Абад: Элдик жолугушуу. Соттук иштер боюнча маселелер көтөрүлдү
Биринчи инстанциядагы соттор электрондук билдирүү жөнөтүү тутумуна өттү
Кабарда судьялар жаңы электрондук билдирүү системасы тууралуу маалымат беришти

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...