KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

“Электрондук байкоо жүргүзүү” аталышындагы семинар тренинг болуп өттү

15 января 2025

Кечээ Баткен облустук сотунда “Электрондук байкоо жүргүзүү” аталышындагы семинар тренинг болуп өттү. Семинарга Баткен облустук сотунун төрагасы Алмазбек Апышев, облустук соттун судьялары жана Баткен облусу боюнча пробация бөлүмүнүн башчысы Хамдамали Полотов катышышты.


«Электрондук байкоо» — бул аралыктан идентификациялоо мүмкүнчүлүгү менен айыпталуучунун турган жерин контролдоону камсыз кылган мониторингдин заманбап системасы. Система электрондук билериктер аркылуу, ошондой эле уюлдук телефондогу мобилдик тиркеме аркылуу ишке ашырылат.


Тренингдин жүрүшүндө, Хамдамали Полотов “Электрондук байкоонун” негизги өзгөчөлүктөрү жөнүндө кеңири маалымат берип, артыкчылыктарынын бири катары үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүдө анын эффективдүүлүгүн белгилеп өттү.


Жыйындын соңунда судьялар «Электрондук байкоо» каражаттарын колдонуунун тартиби боюнча бир катар суроолорду беришип, ага жоопторду алышты.


Баткен облустук сотунун басма сөз катчысы Замирбек Ормонов


Видео-блок

МЕН СУДЬЯ. “Сот чыгарган чечимин түшүндүрүп берүүсү керек” - Аида Апысова
МЕН СУДЬЯ. Темирбек Ибраимов: "Бул менин сүйүктүү кесибим"
Биздин максат – адилет, ачык, калыс сот бийлигин түзүү. Жаңы жылдык куттуктоо.
Сот приставдарына жаңы автоунаалар берилди
М.Сатыев:"Жогорку айлык да, пара да алам десеңер терең жаңылышасыңар!"Нарын шаарындагы ...

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...