KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Баткенде кезектеги кичи футбол өткөрүлдү

05 февраля 2018

Баткен облусундагы сот түзүмүнүн  кызматкерлер ортосунда Кызыл-Кыя шаарында 2018-жылдын 2-февралында кичи футбол өткөрүлдү.


Кызыл-Кыя шаарында белгиленген бул спорттук мелдешке жалпысынан 8 команда ат салышты. Биринчи орунга Баткен райондук сотунун курамынан уюшулган команда ээ болду. Экинчи орунду Баткен облусунун райондор аралык сотунун курамынан куралган команда ээледи, үчүнчүнү Баткен облустук сотунун командасы ээледи. Жеңүүчүлөр акчалай сыйлык жана дипломдор менен сыйланышты.


Баткен облусундагы сот түзүмүнүн ортосундагы ынтымак, достук мамиленин мындан да жакшырышына шарт түзгөн ушундай спорттук ишчаралар ар эки айда өткөрүлүп турат.  Кичи футболду өткөрүп туруу ден-соолукту чыңдоо, жаштар арасында спортко болгон кызыгууларын арттыруу экендигин белгилеген Баткен облустук сотунун төрагасы Сайдибаказ Мусаев уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди.


Спорттук иш чараны Кызыл-Кыя шаардык соту уюштурган. Спорттук мелдештин ачылышына шаардын мэри жана мекеме ишканалардын жетекчилери катышып, жылуу каалоолорун билдиришти.


Кичи футболго Баткен облустук сотунун, райондор аралык, сот департаменти, райондук жана шаардык сотторунун судьялары жана аппарат кызматкерлеринин катышуусунда өткөрүлдү.


 


                                                 Баткен облустук сотунун басма сөз катчысы


                                                                                                    Аскар Баймуратов


Видео-блок

Судья кантип жоопко тартылат? Тартип комиссиясы кандай иштейт?
"Судья үчүн эң чоң ката — билип туруп акыйкатсыз чечим чыгаруу." - Мирлан Боромбаев
АИС Электронный отбор кандидатов на должность судьи Кыргызской Республики I Инструкци...
Жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти
Жогорку соттун төрагасы М. Сатыевдин жеке кабыл алуусуна кантип кирсе болот?

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...