KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Сот системасын санариптештирүү үч багыт боюнча жүрүүдө - Азамат Узакбаев

16 сентября 2025

Бишкек, 16.09.25. /Кабар/. Сот системасын санариптештирүү процесси негизинен үч багыт боюнча жүрүүдө. Бул тууралуу сот системасын санариптештирүү боюнча жумушчу топтун мүчөсү, Жалал-Абад облустук сотунун судьясы Азамат Узакбаев «Кабар» маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.


Маалымдалгандай, ал төмөнкү санариптештирүү багыттары.



  • Сот жаранга жакын — СМС билдирүүлөрдү ишке киргизүү. Сот процесстери тууралуу тараптарды мобилдик технологиялар аркылуу билдирүүнүн заманбап ыкмалары.

  • Тез, ыңгайлуу, ачык-айкын түрдө мамлекеттик алымды онлайн төлөө. Жарандар жана уюмдар үчүн мамлекеттик алымды электрондук төлөөнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү.

  • Ачыктык жана ишеним катары соттордун ишмердигин тышкы баалоо.Кыргызстандын сотторунун ишинин сапатын көз карандысыз баалоо системасы.


Ошондой эле санариптик сот адилеттигин өнүктүрүү, өлкөнүн сот системасынын жаңы кадамдары тууралуу маалымат берилди.


Жыйынга сот системасын санариптештирүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү Жалал-Абад облустук сотунун судьясы Азамат Узакбаев, Нарын облустук сотунун төрагасынын орун басары Бекмухаммет Мусурманкулов, Ош шаардык сотунун судьясы Бактыбек Садыгалиев жана Сокулук райондук сотунун судьясы Нурайым Кенжетаева катышууда.


https://kabar.kg/news/sot-sistemasyn-sanaripteshtir-ch-bagyt-boyuncha-zhrd-azamat-uzakbaev/


Видео-блок

Ар бир жаран соттордун ишине баа бере алат!
Санариптик сот адилеттиги: КР сот системасынын жаңы кадамдары
Жогорку сот менен «Түндүк» санариптик өнүгүү маселесин карашты
Медербек Сатыев Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
Автоматизированная информационная система "Суд 3.0": цифровое будущее правосудия

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...