Бишкек, 16.09.25. /Кабар/. Сот системасын санариптештирүүнүн негизги максаты сот кызматкерлеринин жумушун жеңилдетүү, оптималдаштыруу жана чыгымдарды үнөмдөө боюнча иш алып баруу. Бул тууралуу Нарын облустук сотунун төрагасынын орун басары Бекмухаммет Мусурманкулов «Кабар» агенттигинде өткөн «Санариптик сот адилеттиги: КР сот системасынын жаңы кадамдары» аталган маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бул иштердин жыйынтыгында сотко келген тараптар пайдасын көрүү менен бир топ жаңы пайда болгон продуктуларды колдонуп, сотко келгендеги, катышкандагы жана сот отуруму бүтүп чечим күчүнө киргенден кийин аны аткарууга байланышкан түйшүктүү жумуштардан арылууга өбөлгө түзөт.
“Учурда паралеллдүү түрдө бир нече продуктылар сот тутумунда иштелип жана колдонулуп жатат. Кандай гана продукты болбосун ал иштелип чыккандан кийин колдонулбаса, жөн гана продукты боюнча калып калат. Эл ошону билип, сотко келгенде ар кандай түйшүктөрдөн арылуусуна шарт түзүлөт деп аракет кылып жатабыз. Мамлекеттик алымды же бир документтерди берүүдө, соттун ишине нааразычылыктар болгон учурда оюн билдирүү боюнча азыркыдай продуктылар мурда жок эле. Бүгүнкү күндө пайда болду. Ушул продуктыларды колдонуу менен аны мындан ары өнүктүрүүгө пикирлер, сунуштар болсо сот тутуму барын кабыл алууга, ишинде колдонууга даяр”,- дейт Мусурманкулов.
Санариптештирүүнүн негизги максаты катары иш келип түшкөндөн тартып, ал аткарлып бүткөнгө чейинки бардык процедуралардын барын электрондук түргө өткөрүп, ошол жерде катышуучуларга, соттошуп жаткан тараптарга ишин жеңилдетүү боюнча жумуштар аткарылып жатканын Нарын облустук сотунун төрагасынын орун басары өз сөзүндө белгиледи.
“Сот системасындагы санариптештирүү жарандардын сот адилеттигине болгон жеткиликтүүлүгүн мындан ары арттырууга багытталат. Сот системасында заманбап санарип технологияларды киргизүү менен сот адилеттигин ишке ашырууну оптималдаштырууга багытталган көп иш-чаралар аткарылууда. Санариптештирүү бюрократияны азайтуу менен мамлекеттик башкаруу системаны оптималдаштырууга багытталган заманбап ыкма”,- деди ал.
Ошондой эле маалымат жыйындын жүрүшүндө сот адилеттигин ишке ашырууда оптималдаштырууга багытталган заманбап технологиялардын бири болуп — соттун автоматташтырылган маалымат системасы эсептелери айтылды.
https://kabar.kg/news/sot-tutumun-sanaripteshtirnn-maksaty-ishti-optimaldashtyruu-zhana-chygymdardy-nmd-musurmankulov/