Карантинде отурган калкыбыздын аялуу катмарына мамлекеттен сырткары да жеке адамдар, ишкерлер, менен бирдикте мекеме- ишканалардын эмгек жамааттары да өз салымдарын кошуп жатышат.
Нарын облусунун Ак-Талаа райондук сотунун эмгек жамааты республикабыз боюнча карантин киргизилээри менен эле эмгек акыларынын эсебинен аталган райондогу короновируска каршы штабга которуп беришкен.
Ал эми аталган облустагы башка райондук соттор жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөргө жардамын көрсөтүшүүдө.
Нарын облустук сотунун
басма сөз кызматы