KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Соттордо дезинфекциялоо иштери уланып жатат

24 апреля 2020

Мамлекетибиздин айрым областарында киргизилген өзгөчө абалга байланыштуу, илдетти  алдын алуу үчүн жана жайылышына бөгөт коюу максатында Талас облустук сотунун имараты  дезинфекцияланды.


Мындан тышкары, сот кызматкерлерин жана сот отурумунун катышуучуларынын коопсуздугун сактоо максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Талас облустук башкармалыгы тарабынан жеке өздүк коргоо медициналык (беткап) жана антисептикалык каражаттары менен камсыздоо иш чаралары жүргүзүлүүдө.


Ошондой эле, Сот департаменти менен Талас областынын Санитардык-эпидемиологиялык мекемеси ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде, Талас областынын жергиликтүү сотторунун имараттарында санитардык-эпидемиологиялык дезинфекциялоо иштери экинчи ирет жүргүзүлдү.


Видео-блок

Судья кантип жоопко тартылат? Тартип комиссиясы кандай иштейт?
"Судья үчүн эң чоң ката — билип туруп акыйкатсыз чечим чыгаруу." - Мирлан Боромбаев
АИС Электронный отбор кандидатов на должность судьи Кыргызской Республики I Инструкци...
Жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти
Жогорку соттун төрагасы М. Сатыевдин жеке кабыл алуусуна кантип кирсе болот?

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...