KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Адилет иштери боюнча кеңеши презентация өткөрдү

22 января 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 22-январында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жыйындар залында презентация өтүп, ага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Сулайманкулов, Жогорку соттун судьялары Нургүл Асанова жана Аида Сейдакматова, Жогорку соттун төрагасынын кеңешчиси Руслан Мырзалимов, ошондой эле Президенттин Администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн эксперти Эльмира Жумашова катышты.


Иш-чарада Кыргыз Республикасынын судьялык кызмат ордуна талапкерлерди электрондук тандоо тутумунун жана Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамына «Судьяларды тандоо процессин өркүндөтүү боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» долбоорунун презентациясы көрсөтүлдү.


Презентацияны сот адилеттиги иштери боюнча Кеңештин төрайымы Элмира Барыктабасова жана «Адилет сот» маалыматтык технологиялар мекемесининин директору Бек Иманалиев өткөрүштү.


Судьянын кызмат ордуна талапкерлерди электрондук тандоо бир нече этапты камтый тургандыгы маалымдалды:


— өз ара аракеттенүүнүн тышкы модулу (арыз берүү кызматы), пландоо жана кабарлоо (жыйындарды пландаштыруу жана башкаруу, кабарлоо, интеграциялык);


— тандоонун биринчи жана экинчи туру (компьютердик тестирлөө жана жазуу жүзүндөгү интерактивдүү кырдаалдык тапшырмаларды аткаруу) өзүнө булуттуу электрондук цифралык кол тамга боюнча иш-аракеттерди шифрлөөнү жана ырастоону жана талапкерлер аткарып жаткан учурда тестирлөөнүн модулун жана жазуу жүзүндөгү тапшырмаларды толук изоляциялоону камтыйт;


— үчүнчү тур — «аңгемелешүү».


Электрондук тандоо усулу судьялык кызмат ордуна талапкерлерди тандоодо коррупциялык тобокелчиликтерди жокко чыгараары белгиленди.


Судьяларды тандоо процессин өркүндөтүү  максатында мыйзам долбооруна байланыштуу, бул өзгөртүүлөр Президенттин коррупцияны жоюу саясатын ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын “2023-2026-жылдары Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги системасын  өнүктүрүү” мамлекеттик максаттуу программасында белгиленген милдеттерди жана иш-чараларды аткаруу, ошондой эле сот системасынын үзгүлтүксүз иштешин жана сапаттуу судьяларды тандоону камсыз кылуу максатын көздөйт. Долбоордо судьяларды тандоо процессин өркүндөтүү боюнча бир катар конституциялык мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана конкурстук тандоодон ийгиликтүү өткөн талапкерлердин кадрлар резервин түзүү каралган.


Презентациянын жыйынтыгында сунушталган долбоорлор боюнча оң баа берилип, бир катар сунуштар жана эскертүүлөр киргизилди.


 


 


Видео-блок

МЕН СУДЬЯ. “Сот чыгарган чечимин түшүндүрүп берүүсү керек” - Аида Апысова
МЕН СУДЬЯ. Темирбек Ибраимов: "Бул менин сүйүктүү кесибим"
Биздин максат – адилет, ачык, калыс сот бийлигин түзүү. Жаңы жылдык куттуктоо.
Сот приставдарына жаңы автоунаалар берилди
М.Сатыев:"Жогорку айлык да, пара да алам десеңер терең жаңылышасыңар!"Нарын шаарындагы ...

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...