KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынын кеңешчиси Руслан Мырзалимов эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты

14 марта 2026

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынын кеңешчиси, юридика илимдеринин доктору, профессор Руслан  Мырзалимов Патрис Лумумба атындагы Россия элдер достугу университетинин Юридикалык институтунун сот бийлиги, жарандык коом жана укук коргоо ишмердүүлүгү кафедрасы тарабынан уюштурулган III Эл аралык илимий-практикалык «Сот бийлиги жана сот түзүлүшү» аттуу конференцияга катышты.


Конференциянын негизги максаты – сот бийлигин өнүктүрүүнүн жана сот түзүлүшүн өркүндөтүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо болуп саналат. Иш-чаранын алкагында сот системасын уюштуруу, сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун принциптери, судьялардын көз карандысыздыгын камсыз кылуу, сот ишмердүүлүгүн санариптештирүү, ошондой эле сот адилеттиги чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери каралды.


Конференциянын жүрүшүндө пленардык жыйын өткөрүлүп, төмөнкү үч тематикалык секциянын иши уюштурулду:
— Сот бийлиги жана коомдук (публичное) укук;
— Сот бийлиги жана жеке укук;
— Сот түзүлүшүнүн көйгөйлөрү жана өнүгүү тенденциялары.


Конференцияга судьялар, соттордун аппарат кызматкерлери жана сот системасынын ишин камсыз кылган органдардын өкүлдөрү, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, омбудсмендер жана алардын кызматтарынын өкүлдөрү, талаш-тартыштарды альтернативдүү жөнгө салуу институттарынын өкүлдөрү, адвокатура жана нотариат өкүлдөрү, укук таануучу окумуштуулар, практикалык юристтер, ошондой эле аспиранттар жана студенттер чакырылган.


Конференциянын жыйынтыгы боюнча иш-чаранын катышуучулары тарабынан сунушталган материалдардын жана изилдөөлөрдүн негизинде жамааттык илимий монографияны чыгаруу пландалууда.


Видео-блок

М. Сатыев Чүй облусунун соттору менен жолугушту
Жогорку сот 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды
"Элдин ишенимин актагыла! "Ош облусу боюнча иштери жакшы жана начар судьялар аталды.
М. Сатыев Баткен облусунун жергиликтүү сотторунун 2025-жылдагы ишмердүүлүгү менен таанышты
НОМАД ТВ: Судебная система Кыргызстана: от протоколов до цифровизации

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...