KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Студенттер Ысык-Көл областынын Райондор аралык сотунун иши менен таанышышты

07 февраля 2018

2018-жылдын 6-февралында Ысык-Көл областынын Райондор аралык  соту студенттерге “Ачык эшиктер күнүн” өткөрдү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  Мамлекеттик юридикалык Академиясынын Ысык-Көл юридикалык институтунун 1-2-3-курстарынын студенттеринен түзүлгөн илимий-практикалык ийриминин катышуучулары шаардык соттун ишмердүүлүгү менен таанышышты.


Соттун төрагасы Таалайбек Даркимбаев студенттер менен таанышып, алар менен укук таануу жаатында маек куруп, өзүнүн насааттарын айтты. Аларга биринчи, экинчи инстанция жана көзөмөл инстанция сотторунун иштөө тартибин түшүндүрүп, райондор аралык  соттун иштөө өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып берди. Ошондой эле студенттерге өзү жөнүндө, эмгек жолу жөнүндө кыскача айтып берип, бир топ суроолоруна жооп берген соң, аларды эмгекчил жана сабырдуу болууга чакырды.


Кийинки сөз Ысык-Көл областынын Райондор аралык  сотунун судьясы Мелис Тагаевге берилди. Ал соттук тажрыйбасынан алынган мисалдар менен  бөлүштү.


Андан соң, соттун бөлүм башчысы Алмаз Джанболотов студенттерге экскурсия уюштуруп, соттун иш процесси менен тааныштырды. Экскурсиянын жүрүшүндө студенттер соттун кабылдамасында, төраганын кабинетинде, сот отурумунун залында, судьянын жана соттун аппаратынын кызматкерлеринин кабинеттеринде  болушуп, соттун канцеляриясынын иш жүргүзүү процесси менен таанышышты.


Иш-чаранын соңунда Фемида өкүлдөрү студенттердин окууларына ийгилик каалап, келечекте мыкты адистерден болушуна тилектеш экенин билдирип, алар менен эстеликке сүрөткө түшүштү. Өз кезегинде ийримдин жетекчиси Акжолтой Иманалиева соттун жалпы жамаатын кызыктуу жана таанып-билүүнү өркүндөткөн иш-чара уюштуруп бергени үчүн ыраазылык билдирди.


Эскерте кетсек, жогоруда айтылган ийримдин катышуучулары үчүн 2017-жылдын декабрь айында ушундай иш-чаралар Ысык-Көл областтык сотунда жана Каракол шаардык сотунда өткөрүлүп, алар биринчи жана экинчи инстанция сотторунун ишмердүүлүгү менен таанышышкан.


 


Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы


Гульзада Аширбаева 


Видео-блок

Судья кантип жоопко тартылат? Тартип комиссиясы кандай иштейт?
"Судья үчүн эң чоң ката — билип туруп акыйкатсыз чечим чыгаруу." - Мирлан Боромбаев
АИС Электронный отбор кандидатов на должность судьи Кыргызской Республики I Инструкци...
Жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти
Жогорку соттун төрагасы М. Сатыевдин жеке кабыл алуусуна кантип кирсе болот?

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...