KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Сот тутуму оор жоготууга учурады

05 декабря 2025

Кыргыз Республикасынын Жогорку соту, жергиликтүү соттордун судьялары, аппарат кызматкерлери жана Сот тутумунун ардагерлери  Жогорку соттун мурдагы судьясы Жакыпбаев Шералы Жакыпбаевичтин мезгилсиз дүйнө салгандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат.


Шералы Жакыпбаевич 1956-жылдын 12-ноябрында Аксы районунун Боспиек айылында туулган.


Эмгек жолун 1975–1979-жылдары Аксы райондук сотунда сот отурумунун катчысы, кеңсе бөлүмүнүн башчысы жана сот аткаруучу кызматтарынан баштаган.


1994–1996-жылдары      Сузак райондук сотунун судьясы,


1996–2006-жылдары     Жалал-Абад облустук сотунун судьясы,


2007–2012-жылдары      Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы,


2013–2015-жылдары      Жалал-Абад облустук сотунун төрагасынын орун басары болуп үзүрлүү эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан.


Шералы Жакыпбаевич мыйзамдарды терең билген, кесиптик чоң тажрыйбасы бар, ошол эле учурда талапты катуу койгон жана принципиалдуу судья   катары  кесиптештеринин  эсинде калат.


Жакыпбаев Шералы Жакыпбаевичтин  үй-бүлөсүнүн, туугандарынын жана жакындарынын орду толгус кайгысын терең бөлүшөбүз.


Видео-блок

Жаңы электрондук система судьяларды кантип тандайт? Жаңы платформасы тесттен өтүүдө
М. Сатыевдин тапшырмасынын изи менен | Кара-Кулжа, Өзгөн, Кара-Суу сот имараттарынын у...
"Сот системасы бүгүн...". Жалал-Абад облустук сотунун төрайымы | Жыпар Сабырова менен ...
Жалобы на действия судей: как работает механизм? | Ала-Тоо 24
Баткен облусундагы эл менен жолугушууларда сотторго жарандык, жер маселелер боюнча кай...

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...