KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Сот тутуму Мааткеримов Ниязбек Болотбековичтин үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат

09 сентября 2025

2025-жылдын 26-августунда мурдагы судья Мааткеримов Ниязбек Болотбекович мезгилсиз дүйнөдө салды.

Мааткеримов Ниязбек Болотбекович 1954-жылдын 7-ноябрында Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Ак-Чий айылында төрөлгөн.


1976–1981-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктап, Ош облусунун аткаруу комитетинин Юстиция бөлүмүнө ишке жөнөтүлгөн.

1982-жылы Кара-Суу районунун элдик судьясы болуп шайланган.

1987-жылы ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу сот органдары боюнча улук консультант болуп кабыл алынып, 1989-жылы Ош облусунун аткаруу комитетинин Юстиция башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалган.

1990-жылы Токтогул райондук элдик сотунун төрагасы болуп шайланган.

1996-жылы Нарын облусунун сотунун төрагасынын орун басары болуп дайындалган.

2000-жылы Чүй облусунун сотунун судьясы болуп дайындалып, 2006–2015-жылдары Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясы болуп эмгектенген.


Мааткеримов Ниязбек Болотбековичтин адилеттүүлүктү камсыз кылуудагы эмгектери жогору бааланып, анын ичинде Кыргыз Республикасынын сот тутумунун ведомстволук сыйлыгы – «Кыргыз Республикасынын сот тутумунун отличниги» I даражадагы медалы менен сыйланган.


Кыргыз Республикасынын сот тутуму жана сот тутумунун ардагерлери мурдагы судья Мааткеримов Ниязбек Болотбековичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.


Туугандарынын жана жакындарынын орду толгус кайгысын тең бөлүшөбүз.


Видео-блок

Калыс сот – элдин тиреги | Ысык-Көл облусу
Жогорку сот менен «Түндүк» санариптик өнүгүү маселесин карашты
Медербек Сатыев Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
Автоматизированная информационная система "Суд 3.0": цифровое будущее правосудия
Автоматташтырылган маалыматтык система «Сот 3.0»: сот адилеттигинин санариптик келечеги

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...