KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

КМШ Экономикалык Сотунун жыйынына Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы Турсунгуль Чаргынова катышты

30 октября 2025

2025-жылдын 27-октябрында Минск шаарында жайгашкан Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Экономикалык Сотунун имаратында КМШнын Аткаруу комитетинин өтүнүчүн кароо боюнча Экономикалык Соттун судьялар коллегиясынын сот отуруму болуп өттү.


Аталган өтүнүч КМШ Экономикалык Сотунун 2002-жылдын 10-сентябрындагы № 01-1/2-02 Консультативдик жыйынтыгынын чечим бөлүгүнүн 4-пунктуна түшүндүрмө берүү маселесине байланыштуу болуп, ал 1993-жылдын 24-сентябрында кабыл алынган товарлардын келип чыгыш өлкөсүн аныктоо эрежелеринин 9-пунктун 1996-жылдын 18-октябрында КМШ Өкмөт башчыларынын кеңеши тарабынан бекитилген редакцияда түшүндүрүүгө тиешелүү.


Бул жыйын КМШ Экономикалык Сотунда 2017-жылдан кийинки биринчи жолу бетме-бет форматта өткөн соттук угуу болуп калды. 2017-жылы сот белгилүү иштерди ad hoc тартибинде кароого өткөн. Ошондой эле бул жолку отурум сентябрь айында Соттун толук курамы (10 судья) калыптангандан кийин биринчи жолу өткөрүлдү.


КМШ Экономикалык Сотунун судьялар коллегиясы төмөнкү курамда ишин жүргүздү: төрагалык кылуучу судья Т.Т. Чаргынова (Кыргыз Республикасы), судья-докладчы Н.К. Султанов (Казакстан Республикасы) жана судья З.Т. Аминзода (Тажикстан Республикасы). Сот отурумунун катчысы – А.В. Равич.


Коллегия ачык сот отурумунда, оозеки угуу форматында, КМШ Аткаруу комитетинин жогорудагы өтүнүчүн кароого киришти.


Жыйындын жүрүшүндө КМШ Аткаруу комитетинин жана Беларус Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин өкүлдөрү угулду.


Ишти кароонун жыйынтыгында КМШ Экономикалык Сотунун судьялар коллегиясы Соттун Регламентинин 49-беренесине ылайык, сот отурумуна 2025-жылдын 29-октябрына чейин тыныгуу жарыялоо чечимин кабыл алып, тиешелүү аныктама чыгарды.


Видео-блок

Медербек Сатыев илимий-консультациялык кеңештин жаңы мүчөлөрү менен жолугушту
"Жети өлчөп бир кескиле!". М.Сатыев Ош областына иш сапары менен барды
Өзгөн райондук сотунун жаңы имаратынын пайдубалына капсула салынды
"Соттор эл аралык стандарттагы шартта иштеши керек!". М.Сатыев Жалал-Абад облусуна барды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...