Баткен облустук сотунун төрайымы Гульмира Кожобекова орун басарлары Бактияр Алибаев, Арзыбай Абдураимов жана район, шаардык сотторунун төрагалары, судьялары менен кеңешме өткөрдү.
Алгач, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Гульбара Калиева жергиликтүү соттор менен видеоконференция өткөрдү.
Видеоконференцияда айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилгендиги боюнча маселе көтөрүп, булл боюнча жергиликтүү соттордун судьялары жана Баткен облустук сотунун судьялары өз сунуш-пикирлерин айтышты.
Видеоконференциядан соң, Гульмира Кожобекова экономикалык иштерди кароо райондук сотторго берилгендиги боюнча район, шаардык сотторунун төрагалары, судьялары менен талкуу өткөрүп, мыйзамдын аткарылышына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын баса белгиледи.
Эскерте кетсек Мыйзамга ылайык, буга чейин райондор аралык соттор тарабынан каралып келген экономикалык иштер эми райондук сотторго берилди.