KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын судьялары ШКУга мүчө мамлекеттердин судьялары үчүн уюштурулган семинарга катышууда

11 ноября 2024

Бул күндөрү ШКУга мүчө мамлекеттердин судьялары үчүн Кытай Эл Республикасынын Жогорку Элдик соту тарабынан уюштурулган семинар өз ишин аяктап жатат. Иш-чаранын максаты — Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин ортосундагы соттук тажрыйба алмашууну тереңдетүү жана достук мамилелерди чыңдоо.


Кыргызстандын атынан келген делегацияны Жогорку соттун судьясы Аскат Сыдыков жетектеп, анын курамына Жалал-Абад облустук сотунун төрагасынын орун басары Алгис Шукуралиев, Чүй облусунун Административдик сотунун судьясы Дамира Орозова, ошондой эле Жогорку соттун Аппаратынын кызматкери Абасбек Жолдошбеков кирди.


Катышуучуларга Кытайдын «акылдуу соттор» системасы менен, ошондой эле ШОСко мүчө мамлекеттеринин жарандык, административдик жана кылмыш иштери боюнча сот процесстери менен таанышууга мүмкүнчүлүк берилди. Семинар Шанхай жана Циндао шаарларында өтүп, угуучуларга Кытайдын ар кандай инстанциядагы сотторуна барууга шарт түздү.

Семинардын алкагында кыргыз делегациясы жашы жете электерге карата жазык иштери боюнча соттук териштирүүнүн көйгөйлөрүнө жана өзгөчөлүктөрүнө, ошондой эле азыркы учурда кыргыз соту туш болуп жаткан талаш-тартыштарды чечүүнүн альтернативдүү каражаттарын колдонууга байланыштуу бир катар маселелерди көтөрдү.


Видео-блок

МЕН СУДЬЯ. “Сот чыгарган чечимин түшүндүрүп берүүсү керек” - Аида Апысова
МЕН СУДЬЯ. Темирбек Ибраимов: "Бул менин сүйүктүү кесибим"
Биздин максат – адилет, ачык, калыс сот бийлигин түзүү. Жаңы жылдык куттуктоо.
Сот приставдарына жаңы автоунаалар берилди
М.Сатыев:"Жогорку айлык да, пара да алам десеңер терең жаңылышасыңар!"Нарын шаарындагы ...

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...