KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жергиликтүү соттордун судьялары Пекин шаарында семинарга катышууда

05 сентября 2025

Ушул күндөрү Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарында «Борбордук Азия өлкөлөрүнүн судьялары үчүн» аталышындагы окутуу семинары өтүп жатат.


Семинардын максаты – Борбор Азия мамлекеттеринин судьяларынын ортосунда тажрыйба алмашууну күчөтүү, сот адилеттигин камсыз кылууда кызматташтыкты бекемдөө жана кесиптик чеберчиликти жогорулатуу болуп саналат.


Семинарга  Бишкек шаардык сотунун, Биринчи май райондук сотунун, Бишкек шаарынын административдик сотунун, Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун жана Баткен райондук сотунун судьялары катышууда.


Семинардын алкагында төмөнкү темалар боюнча лекциялар өткөрүлүүдө:



  • Кытай Эл Республикасындагы кылмыш-жаза, жарандык жана административдик сот өндүрүшүнүн системасы;

  • Салттуу кытай укуктук маданияты;

  • Кытайдын эл аралык коммерциялык сот өндүрүшүнүн системасы;

  • Интеллектуалдык менчикти коргоо системасы;

  • «Бирдиктүү адамзат тагдыры коомчулугун куруу» демилгесин илгерилетүү.


Аталган семинар Кытай Эл Республикасынын Улуттук судьялар колледжи тарабынан уюштурулууда. Колледж Кытайдын Жогорку элдик сотуна түздөн-түз баш ийген мекеме болуп эсептелет жана өлкөдөгү судьяларды окутуу, даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча негизги окуу жай болуп саналат.


Белгилей кетсек, окуу семинары 12-сентябрга чейин болот.


Видео-блок

Калыс сот – элдин тиреги | Ысык-Көл облусу
Жогорку сот менен «Түндүк» санариптик өнүгүү маселесин карашты
Медербек Сатыев Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
Автоматизированная информационная система "Суд 3.0": цифровое будущее правосудия
Автоматташтырылган маалыматтык система «Сот 3.0»: сот адилеттигинин санариптик келечеги

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...