KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти

12 августа 2025

Бүгүн, 2025-жылдын  12-августунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыевдин катышуусунда,  жергиликтүү сотторго биринчи жолу дайындалган судьялар ант беришти.


Президенттин биринчи жолу беш жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо тууралуу жарлыгына ылайык,  судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн төмөнкү жергиликтүү сотторго дайындалышты:


Чүй облусу:


Сокулук райондук соту


Сатылганов Бакытбек Ыдырысович;


Ысык-Ата райондук соту


Жетигенов Айбек Балкыбекович.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев  дайындалган судьяларды куттуктап, берген антка бек турууга чакырды.


Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасында шайланган же дайындалган судьялардын ыйгарым укуктары алар тарабынан ант берүү күнүнөн баштап күчүнө кирет.



Видео-блок

Сотко тараптарга билдирүүлөр эми электрондук форматта жүргүзүлөт
М. Сатыевдин катышуусунда, жергиликтүү сотторго биринчи жолу дайындалган судьялар ант б...
М. Сатыевдин тапшырмасы менен жергиликтүү соттордо жыйындар өтүп, катуу талаптар коюлду
Калыс сот – элдин тиреги
М.Сатыев: “Адилеттүүлүктү сатпагыла! Элге сылык мамиле жасагыла!” Соттордун жалпы жыйыны

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...