Судьялык кесип – мыйзамдарды аткаруу менен өкүмдөрдү чыгаруу гана эмес, айрымдар үчүн – бул бүтүндөй өмүр. Нарын облустук сотунун судьясы Таштанбек Нарынбаев дагы судьялык кызматка өмүрүнүн күлгүндөй жылдарын арнады.
Бул жылдарда калыстыкты, адилеттикти туу тутуп, сот тутумун өнүктүрүү, мыйзам үстөмдүгүн орнотуу үчүн билимин, ак эмгегин жана акыл парасатын аянбай жумшады.
Таштанбек Пахирович 1961-жылдын 5-августунда Ош (азыркы Баткен) облусунун Кадамжай районундагы Кадамжай шаарынын (мурдагы Фрунзе району) Пүлгөн айылында туулган. “СССРдин 50 жылдыгы” атындагы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук Университетинде билим алып, юридикалык жогорку билимге ээ болгон.
Алгачкы эмгек чыйырын 1978-жылы баштап, жалпы 48 жылдык эмгек ишмердүүлүгүнүн 32 жылы сот системасында кызмат өтөдү. Атап айтканда, 1990-жылдан баштап мамлекеттик нотариус, адвокат, 1993-жылдан Ноокат райондук сотунда судьянын милдетин аткаруучу, 1997-1999-жылдары Талас облустук сотунун судьясы, 1999-2006-жылдары Кызыл-Кыя шаардык сотунда судья болуп үзүрлүү иштеди. 2006-2013-жылдары Лейлек райондук сотунун төрагасы кызматын аркалады. 2013-жылдан Баткен облустук сотунун судьясы жана төраганын орун басары болуп шайланып, 2018-жылдан кайрадан Баткен облустук сотунун төрагасынын милдетин аткарды. Ал эми 2022-жылдын 30-апрелинен Нарын облустук сотунун судьясы болуп эмгектенип келди.
Таштанбек Нарынбаев өтөлгөлүү эмгек жолунда өлкөнүн сот системасынын кадыр-баркын көтөрүү үчүн талыкпастан салым кошуп, сот адилеттигин ишке ашыруудагы сиңирген эмгектери үчүн бир катар сыйлыктардын ээси болууга жетишти.
2011- жана 2016-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Ардак грамотасы менен эки жолу, 2013-жылы КР Өкмөтүнүн Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамотасы, 2015-жылы Баткен облустук сотунун, Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын, Юстиция министрлигинин Баткен облустук башкармалыгынын, КР МУККнын Ардак грамоталары, 2026-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Алкыш баракчасы менен сыйланган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун “Сот тутумун өнүктүрүүдөгү салымы үчүн” медалы, “Кыргыз Республикасынын сот тутумунун мыктысы” төш белгиси, “Кыргыз милициясына 90 жыл”, “Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 95 жылдыгы”, “Баткен облусуна 20 жыл” ж.б. юбилейлик медалдары жана “Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин ардагери” медалы ыйгарылган. Ошондой эле жакында Таштанбек Нарынбаев судьялык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин «Сот тутумуна сиңирген эмгеги үчүн» медалы менен сыйланды. 2023-жылы судьянын биринчи квалификациялык класстагы чини ыйгарылган.
Арийне, сыйлыктар соттун ишине кандайдыр бир артыкчылыктарды бербейт.
Таштанбек Нарынбаев сот системасындагы эмгек ишмердүүлүгүндө миңден ашуун иштерди карап, соттук териштирүүлөрдү мыйзам чегинде, ак ниеттик менен жүргүздү. Чечимдерди кабыл алуу оңой-олтоң иш эмес. Сотко кайрылган адамдар дайыма эле соттун чечими менен макул боло беришпейт. Бирок, соттун ишинин өзгөчөлүгү ушундай. Мыйзам адамдык фактордон жогору турат. Ар бир иш – кимдин бирөөнүн тагдыры, тарыхы болгондуктан, ортодогу талаш маселени мыйзамдын таразасына салып, кара кылды как жарган калыстык, сот алдына келген бардык тараптардын сөзүн кылдаттык менен угуп, көмүскөдөгүнү көрө билген кыраакылык менен акыл калчап, туура чечим чыгаруу абзел. Ооба, кандай талаш болбосун аны чечүүдө бейтараптыкты кармануу, мыйзам алкагынан чыкпай, укук талаасында адилет жүргүзүү анын башкы принцибине айланган. Буга Таштанбек Нарынбаевдин иштеринин сапатынын ар убакта жогору болуп келгени далил.
Таштанбек Нарынбаевдин айтымында, үзүрлүү эмгектин жемиши бардык деңгээлдеги сот кызматкерлеринин, айрыкча, сот катчылары менен жардамчыларынын ишинин жыйындысы. Каарманыбыз кесиптештеринин арасында принципиалдуулугу менен айырмаланат жана кадыр-баркка ээ, ошондой эле ар убакта жаштарга акыл-насаатын айтып, кесиптик бай тажрыйбасы менен бөлүшүп, юристтердин жаңы муунун тарбиялоого салым кошуп келет.
Үй-бүлөдө камкор жубай, төрт баланын атасы, алты неберенин сүйүктүү чоң ата, таятасы.
Ошентип, Таштанбек Нарынбаевдин судьялык кызматтагы байсалдуу сапары карып, ардактуу эс алууга чыгуу алдында турат. Нарын облустук сотунун жамааты Нарынбаев Таштанбек Пахировичтин мындан аркы ишине ийгиликтерди, ден соолук жана кажыбас кайрат каалап, тирүүлүктүн узак сапары байсалдуу болушун тилек кылат.

