KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы Ильяс Керимкулов эл аралык марафонго катышты

07 марта 2024

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы Ильяс Керимкулов Анталияда (Түркия) өткөн эл аралык марафонго катышты.


Ильяс Керимкулов 21,23 км аралыкты бир саат 51 мүнөттө чуркап, ийгиликтүү аяктады жана муну менен өзүнүн жеке рекордун жаңылады.


Анталия марафонуна жалпысынан 10 миңге жакын жеңил атлетика күйөрмандары катышса, Кыргыз Республикасынан 30га жакын жөө күлүктөр катышып, алардын арасында ар кандай жарыштардын байге ээлери дагы болду.


Белгилеп кетсек, Анталия Марафону (Runtalya) – жыл сайын март күндөрүнүн биринде Түркиянын Анталия шаарында өтүүчү жолдо чуркоо боюнча эл аралык мелдеш. IAAF Road Race Label Events алтын статусуна ээ болгон Стамбул марафонунан кийинки Түркиядагы эң маанилүү экинчи марафон.


Видео-блок

Беш жылдык мөөнөткө дайындалган судьялар ант беришти
“Ар бир судьянын үстүнөн түшкөн арыздар дыккат каралышы керек!” М. Сатыев Судьялар кеңе...
"Мамлекеттин казынасына кол салбагыла!" Соттордун "Фемида" пансионатынын жыл жыйынтыгы,...
М.Сатыев: "Областтык соттун төрагалары ар бир судьяңар үчүн жооп бересиңер!" Кеңейтилге...
Медербек Сатыев: "Сот тутумун санариптештирүү маселелери кечиктирилбеши керек!"

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...