KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Талас облустук сотунда медиаторлор менен маалыматтык жолугушуу өткөрүлдү

30 апреля 2020

Талас облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев, төраганын орун басарлары Жылдыз Жумагулова, Жекшеналы Курманбаев жана судья Курал Эстебесовдордун демилгеси менен жарандардын талаш тартыштарын сотко чейинки же сот  отуруму учурунда  чечүү максатында медиаторлор менен маалыматтык жолугушуу өткөрүлдү.


Жолугушууда медиаторлордун ишмердүүлүгү боюнча маалымат берилип, анда  калктын медиация  кызматынын артыкчылыктары жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу жана жарандарга  жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жаралып жаткан көйгөйлүү маселелери ортого салынды.


Жолугушууга катышкан медиаторлор, судьялар тарабынан соттук процесске катышкан тараптарга медиациянын процедурасы жөнүндө кеңири түшүндүрүүнү жана сот имараттарынын кеңсе бөлүштүрүп берүүгө көмөк көрсөтүүнү суранышты.


Маалыматтык жолугушуунун соңунда медиаторлор жолугушуунун уюштуруучуларына ыраазычылык билдиришип, мындан ары аталган маселелер боюнча чогуу иш чараларды өткөрүүнү макулдашышты.


 


                                                                                                      Талас облустук сотунун басма сөз катчысы     А.К.Чекеева                               


                                                                                                                                                                                                          


         


                                                                                                                           


Видео-блок

Алмаз Калыбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы болуп шайланды
УТРК Талас: Элдик жыйындарда 61 жаран сотко кайрылган
Сот тутумуна караштуу "Фемида" пансионатында жаңы инфраструктуралык долбоорлор ишке ашы...
УТРК Жалал-Абад: Элдик жолугушуу. Соттук иштер боюнча маселелер көтөрүлдү
Биринчи инстанциядагы соттор электрондук билдирүү жөнөтүү тутумуна өттү

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...