KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыевдин сот тутумунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктоо тексти

05 марта 2025

Урматтуу кесиптештер жана сот аппаратынын кызматкерлери!


Сиздерди Кыргыз Республикасынын сот тутумунун кызматкери күнү – кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!


Сот системасынын ийгиликтүү иштеши жана анын бедели түздөн-түз ар бир кызматкердин калыстыгынан, принципиалдуулугунан, жогорку кесипкөйлүгүнөн жана жоопкерчиликтүү мамилесинен көз каранды.


Калыс, көз карандысыз жана объективдүү сот адилеттиги жарандардын мамлекеттик бийликке болгон ишенимин бекемдей алат.


Сот тутумунун мамлекеттеги ордун өзгөчө белгилеп кетүү керек. Анткени, сот тутумунун сапаттуу иштеши укуктук мамлекеттин үстөмдүк кылышын, толук кандуу жарандык коомдун калыптанышын жана улуттук экономиканын өнүгүшүн камсыз кылат.


Адилеттүүлүктү камсыз кылуу сот бийлигин алып жүргөн судьяларга жүктөлгөн. Биздин ар бирибиз берген антыбызга бекем туруп, сот адилеттигине болгон коомдун ишенимин арттыруу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшоого бел байлашыбыз керек.


Мыйзамдуу жана негиздүү сот чечимдери терең билимдин жана судьянын квалификациясынын негизинде гана чыгарылбастан, адеп-ахлак, абийир жана адамдык сапаттар менен бекемделиши керек.


Адилеттүүлүктү орнотууга өз салымын кошуп жаткан ар бириңиздерди майрамыңыздар менен куттуктайм!


Сиздердин ардактуу эмгегиңиздер дайыма ийгилик менен коштолсун!


Видео-блок

Судья кантип жоопко тартылат? Тартип комиссиясы кандай иштейт?
"Судья үчүн эң чоң ката — билип туруп акыйкатсыз чечим чыгаруу." - Мирлан Боромбаев
АИС Электронный отбор кандидатов на должность судьи Кыргызской Республики I Инструкци...
Жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти
Жогорку соттун төрагасы М. Сатыевдин жеке кабыл алуусуна кантип кирсе болот?

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...