Урматтуу сот приставдар кызматынын кызматкерлери жана ардагерлери!
Сиздерди судьялар коомчулугунун атынан кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын сот приставынын күнү менен куттуктайм!
2016-жылдын 5-августунда Кыргыз Республикасынын “Сот приставдары жөнүндө” Мыйзамы кабыл алынып, ал Сот приставдар кызматын түзүүнүн башатын белгилеген. Аталган мыйзамды ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин 2017-жылдын 17-февралындагы буйругу менен Сот приставдар кызматы түзүлүп, анын аймактык бөлүмдөрдү камтыган уюштуруу-штаттык түзүмү бекитилген. Бүгүнкү күндө сот приставдар кызматынын катарында өлкө боюнча 449 кызматкер эмгектенет.
Сот приставынын кызматы – бул биринчи кезекте жогорку жоопкерчиликти, чыдамкайлыкты, тыкандыкты жана мыйзамга компромиссиз берилгендикти талап кылат. Сиздердин кесипкөйлүгүңүздөр, ак ниеттүүлүгүңүздөр жана жарандарга болгон сый мамилеңиздер сот бийлигине болгон ишенимди бекемдөөгө олуттуу салым кошуп келет.
Сиздерге чың ден соолук, сабырдуулук, акылмандуулук, кажыбас кайрат каалайм. Асыл эмгегиңиздерди ар дайым ийгиликтер менен сый-урмат коштосун.
Мыйзамды туу тутуп, ак ниет кызмат кылуу ар дайым сиздер үчүн сыймыктын жана ички күчтүн булагы болсун.
Майрамыңыздар менен!
Сот приставдар күнү менен!