Бүгүн, 14-февралда, Жогорку соттун пленуму өттү. Жогорку соттун кылмыш-жаза иштери боюнча соттук коллегиясынын төрагасы Нурлан Мусаевдин берген маалыматына ылайык, 2024-жылы жергиликтүү соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген актылары боюнча кассациялык тартипте 1335 адамга карата 1018 кылмыш-жаза иши каралган.
Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, бул көрсөткүч мурунку жылга салыштырмалуу 5% аздык кылат. 2023-жылы 1398 адамга карата 1069 иш болгон. Ал эми 776 кассациялык даттануулардан 267и канааттандырылып, 509у канааттандыруусуз калтырылган.
Жогорку соттун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын төрагасы Шералы Камчыбеков баяндамасында жарандык тартипте 2024-жылы 1-инстанциядагы сотторго 137 299 доо арыз жана 24 108 соттук материалдар келип түшүп, бардыгы болуп — 161 407 ишти түзүп, бул 2023-жылга салыштырмалуу 30,18% көп болгонун кошумчалады.
Өткөн жылы доо арызды бергенде төлөнгөн мамлекеттик алымдын суммасы 231 млн 087 мин 268 сомду түзгөн. Сот тарабынан иштерди кароонун жыйынтыгы боюнча 109 млн 917 мин 000 сом өндүрүлгөн.
Жогорку соттун административдик иштер боюнча соттук коллегиясынын төрайымы Нургүл Бакированын айтымында, 2024-жылы административдик соттор тарабынан жалпысынан 6046 (100%) административдик иш (4711) жана соттук материалдар (1335) каралган. Алардын ичинен 35,3% (2135 иш) апелляциялык тартипте даттанылып, кассациялык тартипте 17,8% (1079 иш) даттанылганын билдирди.
Өз кезегинде Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев Жогорку соттун өткөн жылдагы аткарган иштеринин жыйынтыгын чыгарды.
Статистикалык маалыматтарга караганда, өткөн жылы республика боюнча биринчи инстанциядагы соттор тарабынан жарандык, жазык, административдик жана укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча жалпы 178 412 соттук иштер жана 68 518 соттук материалдар каралган.
Каралып бүткөн соттук иштердин саны 2023-жылга салыштырмалуу 25,61% көбөйгөн (2023-ж. 132 703), ал эми соттук материалдардын саны 3,91% көбөйгөн (2023-ж. 65 835).
Алардын ичинен 7,3% гана апелляциялык инстанциядагы сотторго даттанылган.
Ал эми кассациялык инстанциядагы сотко жалпы соттук иштер жана соттук материалдардын 3% гана даттанылган.
Өткөн жылы доо арызды бергенде төлөнгөн алымдын суммасы 231 млн сомдон ашык болгон