Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Аппаратында жарым кылымга чукул эмгектенген сот тутумунун ардагери Бикмухаметова Ольга Васильевна узакка созулган оорудан кийин 77 жашында дүйнөдөн кайтты.
Ольга Васильевна 1949-жылдын 26-январында Кемерово облусунун Ленинск-Кузнецкий районундагы Возвышенка айылында туулган.
Ал 1967-жылы В.В. Куйбышев атындагы Томск мамлекеттик университетине тапшырып, 1974-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин «Укук таануу» адистиги боюнча ийгиликтүү аяктаган.
Ольга Васильевна эмгек жолун 1972-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда баштаган. Дээрлик элүү жылдык эмгек жолунда консультант, улук консультант, референт, улук референт, адис жана иш кагаздарын жүргүзүүчү кызматтарын аркалап 2021-жылы ардактуу эс алууга чыкканга чейин эмгектенген.
Жетекчилик жана кесиптештери Ольга Васильевнаны өз ишине берилген мыкты адис, чынчыл жана кесипкөй инсан катары билтшет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жамааты Ольга Васильевнанын үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтышат. Чогуу иштешкен кесиптешибиздин жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.

