KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Баткен облусунун жергиликтүү сотторунун кызматкерлеринин арасында кичи-футбол боюнча ынтымак кубогу мелдеши өттү

01 июня 2026

Баткен облусунун жергиликтүү сотторунун судьяларынын, аппарат кызматкерлеринин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Баткен облустук башкармалыгынын жана сот приставдары кызматынын кызматкерлеринин катышуусунда кичи-футбол боюнча кезектеги спорттук мелдеш өткөрүлдү.


Спорттук иш-чаранын ачылышында Баткен облустук сотунун төрагасынын орун басары Жаналы Батырбеков сөз сүйлөп, катышуучуларга ийгиликтерди каалады. Ал спорт сергек жашоо образын калыптандыруу менен катар жамааттагы ынтымакты, достукту жана биримдикти чыңдоодо маанилүү роль ойной турганын белгиледи.


Кадамжай райондук соту тарабынан уюштурулган турнирге жалпы сегиз команда катышып, оюндар кызыктуу жана курч атаандаштык шартында өттү. Командалар мыкты даярдыгын көрсөтүп, жеңиш үчүн татыктуу күрөш жүргүзүштү.


Мелдештин жыйынтыгы боюнча:


I орун — Сүлүктү шаардык сотунун командасы;


II орун — Административдик соту;


III орун — Баткен облустук сотунун командасы.



Ошондой эле турнирдин жүрүшүндө мыкты оюн көрсөткөн катышуучулар атайын номинациялар боюнча сыйлыктар менен сыйланышты.


Иш-чара достук маанайда өтүп, катышуучулар өз ара ынтымакты, биримдикти жана жеңишке болгон умтулуусун көрсөтө алышты. Күйөрмандардын активдүү колдоосу мелдештин көркүн дагы арттырды.


Жыйынтыктоочу аземде Баткен облустук сотунун төраганын орун басары жеңүүчүлөрдү жана байге ээлерин куттуктап, бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирди.


Видео-блок

УТРК Талас: Элдик жыйындарда 61 жаран сотко кайрылган
Сот тутумуна караштуу "Фемида" пансионатында жаңы инфраструктуралык долбоорлор ишке ашы...
УТРК Жалал-Абад: Элдик жолугушуу. Соттук иштер боюнча маселелер көтөрүлдү
Биринчи инстанциядагы соттор электрондук билдирүү жөнөтүү тутумуна өттү
Кабарда судьялар жаңы электрондук билдирүү системасы тууралуу маалымат беришти

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...